ЙЕМЕН ТООЛОРУ
ЙЕ́МЕН ТООЛОРУ , Ж е б е л – Араб жарым аралынын түштүк-батышындагы бийик тоо массивдери ж-а платолор. Йемен Республикасынын ж-а Сауд Арабиясынын аймагында. Түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай 500 кмге созулат. Эң бийик жери 3600 м (Эн-Наби-Шаиб чокусу). Кристаллдуу ж-а жанартоо тектеринен турган чокулары жалпак бир катар келки тоо массивдери бар. Траптар, өчкөн жанартоолор кездешет. Терең өрөөндөр м-н тилмеленген; Кызыл деңиздин жээгине ж-а Аден булуңуна тик түшүп, түндүк-чыгышында Руб-эль- Хали чөлү тарапка барган сайын жапыздайт. Кургак талаа, тоо этектеринде чөл, дарыя өрөөндөрүндө ж-а убактылуу суу аккан нуктардын жээктеринде бадал өсүмдүктөрү өсөт.