ИШТЕП ЧЫГАРУУ НОРМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:15, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШТЕП ЧЫГАРУУ НОРМАСЫ – жумушчунун (бригаданын) белгилүү бир убакыттын (сааттын, сменанын, айдын) ичинде иштеп чыгарууга ти­йиш болгон продукцияларынын же операция­ларынын санын объекттин өндүрүмдүүлүгүн, тех­никалардын, тexнологиянын, өндүрүштү ж-а эм­гекти уюштуруунун, жумушчулардын квали­фикациясынын деңгээлине жараша болот. Иш­теп чыгаруунун прогрессивдүү нормасы өндү­рүштүн алдыңкы тажрыйбасын, илим м-н тех­никанын жаңы жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүүнү талап кылат, иштеп чыгаруу нор­масы убакыттын фондусун убакыт нормасына бөлүү жолу м-н аныкталат. Убакыт нормасы канчалык чоң болсо, иштеп чыгаруунун смена­лык нормасы ошончолук аз болот да, тескери­синче, убакыт нормасы канчалык аз болсо, иштеп чыгаруунун нормасы ошончолук арбын болот; тейлөө нормасы – бир сменада жу­мушчунун канча сандагы жабдууларды же кан­ча жумушчу орундарын тейлей тургандыгын көрсөтөт. Илимий жактан негизделген убакыт нор­масы, иштеп чыгаруунун саны жана тейлөө нормасы эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун, адам эмгегин үнөмдөөнүн чечүүчү факторлору­нун бири болуп саналат.