ИШКАНА АКТИВДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШКАНА АКТИВДЕРИ – юридикалык жактын (иш­кананын) акчалай наркы бар менчиги. Буларга алардын колдонулбаган менчиктери, башка жактан алынган каражаттар, баалуу кагазда­ры, товардык-материалдык баалуулуктары, не­гизги каражаттары, башка мекеме, ишканалар­дан чегерилген финансылык инвестициялар, менчиктелген патенттери, ойлоп табуулары, «ноу-хау», жерди ж-а табигат ресурстарын пай­далануусу, чарбаны жүргүзүүчү субъектилери (ишкана, фирма, компания, мекеме ж. б.), иш­кердикти илгерилетүүгө пайдаланыла турган түрдүү менчиктер кирет. Ишкана активдери материалдык, материалдык эмес ж-а финансылык активдерге бөлүнөт. Кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди чегерип алып салгандан кийинки ишкана активдеринин бардык наркы таза активдер деп аталат.