ИШКАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШКАНА – эмгек коллективи тарабынан мүлк­тү пайдалануунун негизинде продукция чыгарууга ж-а сатууга‚ жумуш аткарууга‚ кызмат көрсөтүүгө юридикалык укугу бар өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект. Ишкана мыйзамдар м-н тыюу са­лынбаган ж-а анын уставында каралган мак­саттарга жооп берген бардык эле чарбалык иш­мердикти жүргүзүүгө укуктуу. Ишкана юридикалык жак уку­гуна ээ‚ анын өз алдынча балансы‚ банктарда эсептешүү ж-а башка эсептери‚ өз аталышы түшүрүлгөн мөөрү болот. Ишкананын жеке (үй-бү­лөлүк)‚ жамааттык‚ муниципалдык‚ мамлекеттик түрү бар. Ошондой эле чарбалык коом ж-а өнөктөштүк‚ өндүрүштүк кооператив‚ ижаралык ж. б. түрлөрү да кезигет. Ишкана стратегиялык башкаруу көз ка­рашынан алып караганда өзүнүн тышкы чөй­рөсү м-н көптөгөн өзгөчө байланыштагы комп­лекстүү‚ ачык социалдык-экономикалык система болуп саналат. Ал эми стратегиялык башкаруу объек­ти катары структуралык бирдиктердин (чарба­лык бөлүктөрдүн): концерн‚ фирма‚ завод ж. б. өндүрүштүн бир бүтүндүгүн түшүндүрөт.