ИЧКИ ЭНЕРГИЯ
ИЧКИ ЭНЕ́РГИЯ н е р с е н и н – физикалык системанын ички абалына көз каранды энергия. Ага микробөлүкчөнүн (молекула, атом, ион ж. б.) башаламан (жылуулук) кыймылынын ж-а ошол бөлүкчөнүн өз ара аракеттешүү энергиясы кирет. Ички энергия – системанын термодинамикалык абалын аныктоочу функция, башкача айтканда система ар бир абалда белгилүү бир ички энергияга ээ. Ички энергия түшүнүгүн 1851-жылы англиялык физик У. Томсон (лорд Кельвин) киргизген. Физикалык системанын ички энергиясынын өзгөрүшү (DU) ага сырттан берилген жылуулук саны (dQ) м-н системанын сырткы күчүнө каршы аткарган жумушунун (d А) айырмасына барабар: DU=d Q– dА. Бул теңдеме – термодинамикадагы энергиянын сакталуу закону. Системанын кабыл алган жылуулук саны ж-а аткарган жумушу анын абалын өзгөрткөн процесстин мүнөзүнө көз каранды. Эгер система чөйрө м-н жылуулук алмашпаса (адиабата процесси), анда dQ = 0 болгондуктан, DU = –dА алынат, башкача айтканда системанын ички энергиясынын өзгөрүшү сырткы күчкө каршы аткарылган жумушка барабар. Термодинамикалык тең салмактагы системанын ички энергиясы температурага ж-а көлөмгө көз каранды. Физикалык системанын ички энергиясы молекулалык-кинетикалык теориянын негизинде да аныкталат. Төмөнкү температурада абсолюттук нөлгө жакындаганда суюк ж-а катуу заттардын ички энергиясы белгилүү турактуу маанисине U0 умтулат. U0 дун мааниси Ички энергияны эсептөөнүн башталышы катары колдонулат.
Ад.: Базаров И. Т. Термодинамика. М., 1983.