КАЙТАЛАНБАС ЖАНА КАЙТАЛАНМА РЕАКЦИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙТАЛАНБАС ЖАНА КАЙТАЛАНМА РЕАКЦИЯЛАР – химиялык реакциялардын түрлөрү. Кай­таланбас реакциялар реакцияга кирүүчү заттар­дын бирөөнү толугу м-н сарп кылганга чейин, башкача айтканда аягына чейин жүрүп, чөкмө, газ же начар диссоциациялануучу заттарды пайда кылат., BaCl + HSO → BaSO + 2HCl. 2 2 4 4. Мындай реакцияларга углеводороддордун күйүүсү, жа­рылгыч заттардын ажырашы ж. б. кирет. Кай­таланма реакциялар аягына чейин жүрбөйт, се­беби реакция учурунда реакцияга кирүүчү зат­тар толугу м-н сарпталбайт. Натыйжада реак­ция карама-каршы багытта жүрүп калышы мүм­күн, мисалы, H2 + J2!:+2HJ. Реакциянын багыты реакцияга кирген заттардын концентрациясына көз каранды. Системада пайда болгон заттардын кон­центрациясы баштапкы заттардын концентрациясы­нан аз болсо, реакция продуктунун пайда бо­луу багытында жүрөт, Ал эми концентрациясы көп болсо, ал кайра ажырап, баштапкы затты пай­да кылат: 2HJ→H2 + J2. Кайталанма реакция­лардын теңдемелеринде барабардык белгиси эки багытты көрсөткөн белги м-н алмаштыры­лат. Реакциянын эки багытынын ылдамдыгы бирдей болсо, химиялык тең салмактуулук абал тү­зүлөт.