КАЙРАК ЖЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:11, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАК ЖЕР – дыйканчылык өнүккөн аймак­тагы айыл чарба өсүмдүктөрү сугатсыз өстүрүлгөн жер. Кайрат жер көбүнчө тоо этегиндеги түздүктөрдү, адыр­ларды, бөксө тоолорду, ошондой эле оазистердин сугат­ка ыңгайсыз чет-жакаларын ээлейт, анда неги­зинен кургактыкка чыдамдуу дан, тоют ж-а бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Бул өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жаан-чачынга, рельефтин өзгөчөлү­гүнө ж-а топурак кыртышына карата аныкта­лат. Кайрак жер Кыргызстанда кеңири аянттарды ээлейт.