ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ БУРЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ БУРЧ – 1) и ч к и б у р ч – үч бурчтуктун же көп бурчтук­тун жанаша жактарынын арасына камалып, анын ич жагында жатуучу бурч. Томпок үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы s=2d; том­пок көп бурчтуктуку sn = 2d (n – 2); 2) Т ы ш­ к ы б у р ч – берилген үч бурчтуктун же томпок көп бурчтуктун ички бурчуна жандаш бурч.
Үч бурчтуктун (көп бурчтуктун) ар бир чокусуна өз ара барабар эки тышкы бурч түзүүгө болот. Ал бурчтар жактарынын уландылары аркылуу түзүлөт. Үч бурчтуктун тышкы бурчунун аны м-н жандаш жатпаган эки ички бурчунун суммасына барабар, ошондуктан тышкы бурч ал эки бурчтун ар биринен чоң.