ИЧКЕ-ЖЕРГЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ-ЖЕРГЕЗ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Боз-Учук айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Ичке-Жергез сусунун боюнда, Тескей Ала-Тоонун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1880 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ка­ракол шаарынан 23 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 245 км. Калкы 1725 (2007); не­гизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана бар. Дарыкана, ФАП, мончо, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта Кыргыз эл сү­рөтчүсү Ж. Үмөтов туулган.