ИЧКЕ-БУЛУҢ
ИЧКЕ-БУЛУҢ – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Липенка айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, көлдүн ичке булуңуна жакын түздүктө, деңиз деңгээлинен 1660 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 29 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 216 км. Калкы 1572 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, дарыкана, китепкана бар. Медпункт, мончо, соода түйүндөрү иштейт.