ИЧКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ – Ат-Башы районундагы суу, Кара-Коюн суусунун оң куймасы. Узундугу 23 км, алабынын аян­ты 148 км2. Ат-Башы кырка тоосунун түндүк-ба­тыш капталынан агып түшөт. Алабынын де­ңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4432 м. Куралуу облусуна кирет. Суу өрөөндүн төрүндөгү мөңгүнүн жанындагы чакан көлдөн башталып, кууш колот аркылуу түндүккө агып, бир нече куймалары кошулуп, Жаакташ өтө­гүнөн ары Кара-Коюн өрөөнүнө чыгат. Төрүн­дөгү Жеңи-Ичке ашуусу аркылуу Чатыр-Көл, Ак-Сай өрөөндөрүнө мал ашырылат. Жылдык орточо чыгымы 1,60 м3/сек, эң көбү май, июнда, эң азы февралда байкалат. Алабында жалпы аянты 0,7 км2 келген 4 чакан мөңгү бар. Сугат­ка пайдаланылат. Айрым адабият, карталарда Ичке суусу Жеңичке, Жеңишке деп туура эмес жа­зылып жүрөт.