ИЧЕГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧЕГИ – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн өсүү процессинде ичеги тышкы чөйрө м-н алгачкы оозу (бластопор) аркылуу байланышкан, баш­тыктай гаструла стадиясында пайда болгон. Омурткасыздардын көбүндө (алгачкы ооздуулар­да) бластопор оозго айланган. Ичеги көңдөй­лүүлөр м-н жалпак курттарда алдыңкы ичеги ­кулкун, жумуру курттар ж-а омурткасыз жа­ныбарларда арткы ичеги өсүп чыккан. Омурт­калуу жаныбарларда тамак сиңирүү түтүгү бир нече бөлүктөн турат. Кургакта жашоочу омурт­калууларда ичке ичеги – он эки эли ичеги м-н башталып, ага тамак сиңирүүчү 2 чоң безден – боор ж-а уйку безден жол ачылат. Көпчүлүк ба­лыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоо­чуларда ичке ж-а жоон ичеги өтө кыска болот. Сүт эмүүчүлөрдө ичеги узун болуп, даана бөлүктөргө (ичке ичеги ж-а жоон ичеги) бөлүнөт. Жоон ичеги чөп жечүлөрдө узун болуп, түз ичеги м-н бүтөт. Ичегинин капталы көбүнчө жылма булчуңдан ту­руп, симпат нерв системасы ж-а жүлүндүн сез­гич нервдери м-н тейленет. Ичегинин былжыр че­линде зил бөлүп чыгаруучу көп сандаган майда бездер болот.

Адамдын ичегиси карындан арткы тешикке чейин созулуп, ичке ж-а жоон ичегиден турат. Ичке ичеги ич көңдөйүнүн ортосунда жай­гашкан, узундугу 5–6 мге жетет. Ал анатомиялык түзүлүшү боюнча 3 бөлүккө (он эки эли ичеги, ичке ичеги ж-а майлуу ичеги) бөлүнөт. Ичегинин керегеси (кап­талы) үч катмардан турат. Ички былжырлуу кат­мары майда түктөр (ворсинка) м-н капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зил ж-а ферменттердин таасири м-н карында эрип үлгүрбөгөн белок, май ж-а угле­воддор толук ажырайт. Ичке ичеигинин ортоңку кат­мары сырткы ж-а ички булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалардын ичкиси шакек сы­мал тегерек, сырткысы узунунан жатат. Бул 2 түрдүү булчуң талчаларынын жардамы м-н ичке ичеги толкун сымал жыйрылып ж-а бошоңдоп, ичегини кыймылга келтирет (перистальтика). Ичке ичегинин сырткы бети жылтырак катмар м-н кап­талган. Жоон ичеги ичке ичегиден башталат. Анын узундугу 1,5 мдей. Ичке ичегини алкак сымал айлан­та курчап жатат. Жоон ичегинин башталышы туюк болуп, ич көңдөйүнүн төмөн оң жагынан орун алган. Ошол туюк ылдый жа­гында узундугу 3–7 смдей урчук болуп, ал сокур иче­ги (аппендикс) деп аталат. Ич көңдөйүнүн оң жагындагы мөөндөн жоон ичегинин жогору карай кетүүчү, туура жаткан, төмөн карай кеткен ж-а сигма түрүндөгү бөлүктөрү түз ичегиге (көтөн чу­чук) өтөт. Ичегиде тамак-аштын ажыроо ж-а анын органикалык ж-а органикалык эмес заттарын, ошондой эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин кислоталары ж. б. фермент­тик ажыроого учурайт. Анда аминкислоталары ж-а моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына ж-а коюу­ланышына жараша заң пайда болот. Анда К ж-а В витаминдери пайда болуп, ичке ичегиден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан си­ңип, канга өтөт.