КАЗ ТАМАНДАР
КАЗ ТАМАНДАР (Geraniaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Бир же көп жылдык чөп,

чанда чала бадал же майда, калың жалбырактуу бадал. Көбүнчө мелүүн алкактарда таралган. Б и р жылдыктарынын ичке өзөк тамыры болот . Талаада, чөлдө өскөн көп жылдыктарынын түймөк тамырында азык зат сакталат. Токойдо, шалбаада өскөндөрүнүн тамыр-сабагы жакшы өөрчүгөн, кошумча тамырлары бар. Сабагы тик өсөт, жалбырагы жөнөкөй же татаал, сабакка кезектешип же тушташ жайгашат. Гүлү кооз, кызыл же кызгылт көк, эки жыныстуу, 5 мүчөлүү. Мөмөсү – урукча. 10дой урууну, 800гө жакын түрдү камтыйт. Эң чоң уруусу – каз таман (400 түрү бар), пеларгония (250 түр) ж. б. Алар Жер ортолук деңиз жээгинде, Крым, Кавказ, Европа, Африка ж-а Борбордук Азияда таралган. Кыргызстанда каз таман, пеларгония ж. б. урууларынын 19 түрү өсөт. Кызгылтым пеларгония эфир майын алуу үчүн өстүрүлөт. Каз тамандын жалбырагынан, гүлүнөн алынган май парфюмерия, самын, тамак-аш өнөр жайында кымбат баалуу роза майынын ордуна пайдаланылат. Пеларгониянын бир нече түрү үйдө ж-а гүльзарларда кооздук үчүн өстүрүлөт.