ИТТИФАК
ИТТИФАК , Иттипак (Биримдик) – 20-кылымдын башында Түндүк Кыргызстандын Пишпек, Токмок шаарларында жайгашкан татар улутунун буржуазиялык майда катмарларын бириктирүү үчүн уюшулган уюм. Адегенде Убактылуу өкмөттү колдогон. 1918-жылы 5-мартта уюмдун жалпы чогулушу өткөрүлүп, совет бийлигин таанууну чечишкен. Большевик Х. Хасанов, А, Шарафутдинов Пишпек уезддик советине Иттифактын атынан делегат болуп шайланышкан. 1918-жылы апрелде Х. Хасанов, Б. Муратовдордун демилгеси м-н Пишпек мусулман-жумушчуларынын союзу түзүлүп, ушул мезгилден тартып ал уюм «Иттифак» татар революциячыл совети болуп аталган. Биринчи төрага Б. Муратов болгон. 1918-жылы сентябрь айында таратылып, өкүлдөрү улут иштери боюнча комиссариаттын курамына кирген. КР эгемендик алгандан (1991) кийин Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын курамында татар элинин Иттифак деп аталган жаңы коому түзүлгөн.
Ад.: Кыргызстан Компартиясынын тарыхынын очерктери. Ф., 1967; Кыргыз ССР тарыхы, 2 том, Ф., 1973.