ИТ-ТИШ МӨҢГҮЛӨРҮ
ИТ-ТИШ МӨҢГҮЛӨРҮ Тескей Ала-Тоонун түштүк капталында. Чоң Нарын суусунун оң курамы – Тарагайдын алабынан орун алган өрөөн тибиндеги үч мөңгү (Чыгыш, Ортоңку ж-а Батыш Ит-Тиш мөңгүлөрү). Ч ы г ы ш И т - Т и ш м ө ң г ү с ү н ү н узундугу 2,9 км, аянты 3,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4600 м, этеги 4000 м бийикте жатат. Төр тибиндеги мөңгүлөрдүн тобуна кирет. О р т о ң к у И т - Т и ш м ө ң г ү с ү н ү н узундугу 3,8 км, аянты 4,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4680 м, этеги 4020 м бийикте жатат. Б ат ы ш И т - Т и ш м ө ң г ү с ү н ү н узундугу 4,0 км, аянты 4,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4580 м, этеги 3920 м бийикте. Мөңгүлөрдөн Ит-Тиш суусу башталып, Ара-Белге (Тарагайдын жогорку агымы) сол жактан куят.