ИТ УЙГАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТ УЙГАК (Bidens) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп бутактуу, бийиктиги 30–60 смге жеткен бир жылдык чөп өсүмдүк. Тамыры чачыдай, жалбырактары туш­таш жайгашкан, жээги тегиз же тилкелүү. Се­бетчесиндеги жээк гүлү тилчедей, ортоңкулары

түкчөдөй, түсү сары же ак, кош жыныс­туу. Топ гүлү шы­пыргыдай, сабак­тын чокусундагы жалбырак колту­гуна жайгашкан. Мөмөсү жалпак төрт бурчтуу пира­мида сымал урук­ча, чокусунда кыс­ка тикендүү эки, төрт мүйүзчөсү бо­лот. Жер жүзүндө 200дөй түрү бел­гилүү. Кыргызстанда эки түрү (ийилген ит уйгак ж-а үч бөлүктүү ит уйгак) өрөөндөн бөксө тоолорго чейинки көлмө, арык, булактын жээктеринде, кээде сазда өсөт. Үч бөлүктүү ит уйгактын суудагы маңызы медицинада кеңири колдонулат. Ымыр­кай баланын диатезине, баш терисинин жара­сына, бөйрөк ж. б. органдар сезгенгенде пайда­ланылат. Мындан сырткары кан басымын төмөндөтүү, жүрөк ишин жөнгө салуу, нерв сис­темаларын тынчтандыруу касиети бар.