ГВИАНА БӨКСӨ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГВИА́НА БӨКСӨ ТООСУ Түштүк Американын түндүк- чыгышында. Түндүгү менен түштүгүнөн Льянос-Ориноко түздүгү жана Амазонка ойдуӊу, батышы менен чыгышынан Анд тоолору жана Атлантика океаны менен чектешет. Колумбия, Венесуэла, Бразилия, Гайана, Суринам, Гвиананын (фр.) аймактарында жайгашкан. Эӊ бийик жери 3014 м (Неблина чокусу). Тектоникалык жактан Түштүк Америка платформасынын калканы болуп саналат. Кристаллдуу сланец, гнейс, гранит тектеринен турат; айрым жерлерде аларды кварцит, кумдук, конгломерат тектери жаап жатат. Темир, марганец, алтын, алмаз, боксит кендери бар. Адыр-күдүрлүү, калдык чокулуу денудациялык түздүктөр (бийиктиги 150–400 м) басымдуу. Борбордук бөлүгүндө тегиз, көбүнчө кумдуктан турган чет жакалары тик жарлуу, жондору жалпак платолор – Ауян-Тепуи (2953 м), Рорайма (2772 м) ж. б. жайгашкан. Алардан Амазонка менен Ориноконун алабындагы көптөгөн дарыялар башталат. Климаты экватордук, субэкватордук ысык жана нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1200–1700 мм, борбордук бөлүгүнүн чыгышында 3500 ммге чейин. Бөксө тоодон башталган дарыялар өтө көп, алар Ориноко, Амазонка дарыясынын жана Атлантика океанынын алаптарына кирип, нуктары өтө босоголуу, шаркыратмалар арбын, дүйнөдөгү эӊ бийик (1054 м) шаркыратма – Анхель да Гвиана бөксө тоосунан башталган Карони дарыясынын алабында. Батышы менен чыгышында дайыма жашыл нымдуу чытырман жана борборунда жалбырагы күбүлмө-дайыма жашыл токой, айрым жеринде саванна, кумдуктан турган платолорунда таштуу жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт.