«ЕДИГЕЙ»
«ЕДИГЕ́Й» , «И д и г е» – татар, казак, ногой, башкыр, кара калпак, өзбек жана Батыш Сибирдеги түрк элдерине тараган баатырдык эпос. «Едигей» эпосунун тарыхый негизи – маӊгыт эмири Едигейдин даражасынын жогорулашы жана Темирдин катышуусу менен анын Алтын Ордонун ханы Токтомушка (14-кылымдын аягы) каршы күрөшү. Едигей жана анын ата-бабалары менен укум-тукумдары жөнүндөгү жомоктор казактын эпикалык «Кырк баатыр» аттуу жыйнагынын генеал. циклдерине топтолгон.