«ЕДИГЕЙ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 24 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЕДИГЕ́Й» , «И д и г е» – татар, казак, ногой, башкыр, кара калпак, өзбек жана Батыш Сибир­деги түрк элдерине тараган баатырдык эпос. «Едиге» эпосунун тарыхый негизи – маӊгыт эмири Еди­гейдин даражасынын жогорулашы жана Темир­дин катышуусу менен анын Алтын Ордонун ханы Токтомушка (14-к-дын аягы) каршы күрөшү. Едигей ж-а анын ата-бабалары менен укум-тукум­дары жөнүндөгү жомоктор казактын эпикалык «Кырк баатыр» аттуу жыйнагынын генеал. цикл­дерине топтолгон.