ДИВЕРГЕНЦИЯ (тил илиминде)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 24 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИВЕРГЕ́НЦИЯ т и л и л и м и н д е – 1) тил­дин фонетикалык түзүлүшүнө жараша бир эле фонема­нын түрдүү шартта түрдүү айтылышы (мисалы: күнгөй-күӊгөй, түнкү-түӊкү, танба-тамба ж. б.); 2) эки же андан көп тектеш тилдердин же бир тилдин диалектилеринин өзгөчө социалдык-та­рыхый шарттарга байланыштуу (миграция, баш­ка тилдер менен катнаш, географиялык же саясий бөлүнүү) бири-биринен алыстоосу, өзгөчөлөнүшү. Дивергенция баба тил бир топ тилдерге бөлүнгөндөн кийин ошол тил тобунун калыптанышынын негизги жолу болуп саналат. Ал тил тармагындагы түрлөрдүн өз алдынча болушу аркылуу көп түрдүүлүгүнүн көбөйүшүн шарттайт. Дивергенция түшүнүгү бардык тил катмарларына таандык.