ДАРД ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 24 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАРД ТИЛДЕРИ – Афганстандын түндүк-чыгы­шында, Пакистан менен Индиянын чектеш ай­мактарына тараган тилдердин тобу. Дард тилдери инди-­иран тил тобуна кирет. Ал үч топчого бөлүнөт: кашмир, шина, кохистан тил тобу (чыгыш топчо); кховар, калаша, пашаи ж. б. (борбордук топ­чо); ашкур, прасун, вайгали, кати, дамели (батыш топчо, көбүнчө кафир тобу деп аталат). Булардын ичинен жазуусу бары – каш­мир тили.

Ад.: Эдельман Д. И. Дардские языки. М., 1965.