ЖИКИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИКИЛДЕР, чигилдер – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. Борбордук Теңир-Тоо менен Жети-Сууну жердеп, Караханиддер мамлекетин­де өзгөчө орунга ээ болгон. Орхон жазууларын­да Жикилдер менен чиктер бир эл экени, алар байыркы теле (же тогуз-огуздар) уруулары болуп, орто кы­лымдын башында азыркы Тыванын батышын­да туруп, Саян-Алтай элдери менен бирге Борбордук Азиядагы кагандыктардын бийлигине каршы күрөшүшкөн. Ушундай күрөштүн натыйжасын­да чиктердин негизги тобу түштүк-батышты көздөй жылып, Жети-Суу жана Теңир-Тоого келишкен. «Худуд ал-'алам Мин ал-Машрик Илал-л Маг­рибдин» (кара: «Худуд ал-алам») аталбаган авто­рунун жазганы боюнча жикилдер көп сандуу болуп, түштүк жана чыгышынан карлуктар, батышында тух­силер, түндүк жагынан кыргыздар менен чектеш­кен. Ал эмгектин автору ал жерде Ысык-Көл жайгашканын белгилейт.

Ад.: Бартольд В. В. Извлечение из сочинения Гар­дизи «Зайн ал-ахбар» // Соч. Т. VIII. М., 1973; Мате­риалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002.

Т. Жуманалиев.