ДӨГДҮРОВ
ДӨГДҮРОВ Мухамед [1906, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пржевальский уезди, Тоң болушу, Бүркүттүн ою (азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бүркүт айылы) – 8. 9. 1968, Фрунзе шаары] – журналист, котормочу, коомдук ишмер; кыргыз адабий сынын баштоочтордун бири. 1924–26-жылдарда Түптөгү айыл чарба техникумунда, 1928–29-жылдарда Тверь шаарындагы жумушчу факультетинде окуган. 1955-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1932–34-жылдарда Кыргызмамбастын жана «Чабуул» журналынын редактору, Кыргызстан жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинин жооптуу секретары. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде 1934–40-жылдарда бөлүм башчы, редактордун орун басары, 1940–47-жылдарда жооптуу редактор, 1948–58-жылдарда Кыргызстан профессионалдык союздары советинин төрагасы, 1958–61-жылдарда чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштын Кыргызстандагы коомунун президиумунда, 1961–68-жылдарда «Коммунист» журналында редактор, 1962–68-жылдарда Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештиктин Кыргызстан республикалык комитетинин төрагасы болуп иштеген. Чыгармачылык иши 1920-жылы башталган. Дөгдүровдун 1920-жылдардын 2-жарымында «Акын-жазуучулар уюму жана кооз адабиятыбыз тууралуу» ж. б. сын макалалары жарыяланган. Ал 1930-жылдардын 1-жарымында макалаларында кыргыз поэзиясынын жүзүн көрсөткөн акындардын чыгармачылык изденүүлөрү жана табылгалары менен окурмандарды тааныштырып, 1930-жылдардын 2-жарымында проза жанрынын өнүгүшүнө байланыштуу айрым повесть, романдарга (асыресе, «Кең-Суу» романына) сын пикирлерди жарыялаган. М. Горькийдин «Эне» романын, «Менин университеттерим» повестин которгон. Бир нече публицистикалык жана очерктер жыйнагынын автору. СССР Жогорку Советинин (4- шайланышынын), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (2–3-шайланышынын) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.