ДИВАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:22, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИВА́Н (фарсча – жазма, китеп) – Ортоӊку жана Жакынкы Чыгыштын классикалык адабияттарында тараган ыр жыйнагы. Анда ырлар эреже ката­ры жанры боюнча так (касыйда, казал, кита, ру­баи) жана уйкаштыктардын алфавит тартибине жараша (алифтен яйге чейин) жайгаштырыл­ган. «Диван» термини кээде эпикалык чыгармалар­дын жыйнагына (мисалы, «Кулмийиаты-дивани- Фузули»), атүгүл сөздүктөргө да (Махмуд Кашга­ринин «Диванy лугат-ит-түрк») колдонулган. Диван көбүнчө казалдардан түзүлгөн.