ГЕ-ГУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ-ГУН , г я н ь - г у н – Кытайдын расмий тарыхнаамасынын эӊ алгачкы эстелиги Сыма Цзяндын «Тарых жазмаларындагы» («Ши-цзи») биздин заманга чейинки 201-жылы эскерилген кыргыздардын энчилүү атынын кытай транскрипциясында (айтылышында) берилиши. Бул терминди орус кытай таануучусу И. Бичурин биринчилерден болуп ырастаган жана дүйнөлүк илимий чөйрөгө тааныткан. Совет мезгилинде хакас археологу Л. Р. Кызласов этнотерминдин кыргыздарга таандык экендигинен күмөн санап, илимий талашты туудурган. Советтик белгилүү кытай таануучу С. Е. Яхонтовдун пикири боюнча «хягас» түрүндөгү кытай транскрипциясы кыргыз деген сөздү туюндурат (кара: Байыркы кыргыздар), ар кандай формада берилген кытай иероглифтериндеги терминдер (ге-гун, гянь-гун жана башкалар) фонетикалык вариант катары эсептелип, кыргыз деген атты түшүндүрөт.


Ад.: Яхонтов С. Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз»/СЭ, ¹ 2; Караев О. К вопросу о терминах кыргыз и хакас/НАА – 1970, ¹ 4.
Т. Асанов.