ИСПАНИЯ
ИСПА́НИЯ (Еspana), И с п а н и я К о р о л д у г у (Reino de Espana) – Европанын түштүк- батышындагы өлкө; негизинен Пиреней жарым аралын, ошондой эле Жер Ортолук деңиздеги Балеар ж-а Питиус, Атлантика океанындагы Канария аралын ээлейт. Түндүгүнөн Биская булуңу, түн.-батышы-

нан ж-а түштүк-батышынан Атлантика океаны, чыгышынан ж-а түштүгүнөн Жер Ортолук деңиз м-н чулганат. Түндүк-чыгышында Пиреней тоолору аркылуу Франция ж-а Андорра, батышында Португалия, түштүгүндө Гибралтар м-н чектешет. Аянты 505,99 миң км2 (Сеута м-н Мелильяны кошкондо – 506,03 миң км2). Калкы 44,9 млн (2007). Борбору – Мадрид шаары. Расмий тили – испан тили; автономия облустарында расмий тил укугуна ошондой эле баск (Басктар өлкөсү, Наварра), галисия (Галисия), каталония (Каталония, Балеар аралдары, Валенсия) тилдери ээ. Акча бирдиги – евро (2002-жылга чейин песета). Административдик-аймактык жактан 50 провинцияга ажыраган 17 автономия облуска бөлүнөт (к. таблицаны). Африканын түндүк жээгиндеги 2 шаар – Сеута ж-а Мелилья автономия облус катары Испанияга түз баш иет. Испания – БУУнун (1955), Европа советинин (1977), ЕККУнун (1973), НАТОнун (1982), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкынын (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа союзунун (1986) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Испания – унитардык өлкө. Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Конституциясы 1978-жылы күчүнө кирген. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу милдетин ж-а өкмөттүн иш-чараларын контролдоону Башкы кортес (парламент) ишке ашырат. Кортес эки палатадан: Сенаттан ж-а Депутаттар конгрессинен турат. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган өкмөткө таандык. Саясий партиялары: Испания социалисттик жумушчу партиясы, Элдик партия, Баск улуттук партиясы, Конвергенция ж-а Союз каталон партиясы, Бириккен солчулдар.
Табияты. Испаниянын аймагынын 5/6 бөлүгүнөн ашыгын Пиреней жарым аралы, Жер Ортолук деңиздеги Балеар аралдары ж-а Атлантика океанынын африкалык жээгине жакын жайгашкан Канария аралдары ээлейт. Испания Батыш Европадагы көтөрүңкү жайгашкан өлкө. Басымдуу бөлүгүн тоолор ж-а бөксө тоолор ээлейт; жеринин бетинин 1/3 инен ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 мден жогору. Өлкөнүн ички бөлүгүн рельефи татаал, жазы бөксө тоо – Месета ээлейт. Ал туш тарабынан ири кырка тоолор м-н курчалган. Месетанын түндүгүндө Бискайя булуңун жээктей Кантабрия тоолору (бийиктиги 2648 м, Серредо чо-

кусу), түндүк-чыгышында Иберия тоолору, Жер Ортолук деңизди бойлой Каталон тоолору, Андалусия тоолору (Муласен чокусу, бийиктиги 3482 м, Пиреней жарым аралынын эң бийик жери), түндүк-чыгыш чет жакасынан Пиреней тоолору (эң бийик жери 3404 м; Ането чокусу) ж-а Кантабрия тоолору орун алган. Ойдуңдар (Андалусия, Арагон, Валенсия, Мурсия) негизинен деңиз жээктеринде жайгашкан. Испаниянын басымдуу бөлүгү негизин герцин бүктөлүшү түзгөн жаш платформа болуп саналат. Жери кен байлыктарга бай, анын маанилүүлөрү: жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, никель, нефть, газ, таш ж-а күрөң көмүр.
Климаты негизинен субтропиктик жер ортолук деңиздик, ички аймактары кургак, Атлантика океаны жак жээктери мелүүн

океандык. Климатынын түзүлүшүнө тоолуу ж-а көтөрүңкү рельеф, Атлантика океаны ж-а Африканын жакын жайгашкандыгы таасир тийгизет. Январдын орточо температурасы 4–12°С, июлдуку 23–29°С. Испаниянын көп бөлүгүндө жылдык жаан-чачыны 300–500 мм (эң көбү кышында), тоолордо ж-а батыш жээктеринин айрым жерлеринде 1000 ммден ашык. Дарыяларынын суу-

су кышкысын мол болуп, жайында өтө тартылат. Ири дарыялары: – Тахо, Дуэро (Испанияда жогорку ж-а ортоңку агымдары), Эбро, Гвадалквивир, Гвадиана; негизинен сугатка пайдаланылат. Жер ортолук деңиз бадалы ж-а токой, тоо-


лорун жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, бийик тоолору м-н дарыя өрөөндөрүн шалбаа ээлейт. Испаниянын аймагынын 45%инде токой ж-а бадал өсөт. 550дөн ашык аймак (өлкөнүн аянтынын 8%и) коргоого алынган; анын 30дан ашыгы – улуттук парктар ж-а коруктар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Гарахонай, Тейде (экөө тең Канария аралында), Доньяна (Андалусия ойдуңунда), табигый-маданий мурас жерлерге Пиреней тоолорундагы Монте-Пердидо тоосу (Франция м-н бирдикте), Пальмераль – курма пальмасы токою (Эльче шаарына жакын), ошондой эле Ивиса аралы кирет. Калкы. Калкынын 90,7%и – испандар. Испанияда 4,14 млндон ашык чет өлкөлүктөр жашайт; анын ичинде марокколуктар, эквадордуктар, англистер, колумбиялыктар, немистер басымдуу. Калктын табигый өсүүсү 0,18% (2006). Испанияда 15 жашка чейинки балдар 14,3%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 64%ти, 65 жаштан ашкандар 16,7%ти түзөт. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 88,7 киши (2007). Жер ортолук деңиз жээгинде, Андалусия ойдуңунда, Галисиянын батыш жээктеринде ж-а аралдарында калк өтө жыш (1 км2 жерге 200 адамдан ашуун), борбордук тоолуу бөлүктөрүндө сейрек (1 км2 жерге 10 кишидей) отурукташкан. Шаар калкы –76,6%тей (2004). Ири шаарлары: Мадрид (калкы 3,2 млн, агломерациясы м-н 6,1 млн; 2007), Барселона (1,6 млн; 4,9 млн), Валенсия (815,3 миң; 1759,4), Севилья (705,2 миң; 1,3 млн), Сарагоса (665,4 миң), Малага (558,8


миң), Мурсия (423,7 миң). Испаниянын калкынын 95%ке жакыны католиктер; 5%тейи башка конфециялардын (негизинен протестанттар) ж-а диний топтордун өкүлдөрү. Экономикалык активдүү калкы 21,58 млн (2006). Экономикада иштегендердин (19,75 млн) 65,6%и тейлөө чөйрөсүндө, 16,7%и өнөр жайында, 12,9%и курулушта, 4,8%и айыл чарбасында, токойчулукта, аңчылык ж-а балык уулоодо эмгектенет.
Тарыхы. Испания аймагында адам төмөнкү палеолитте (б. з. ч. 400–100-миң жылдыктарда) эле жашап, темир дооруна өтүү мезгилинде (б. з. ч. 700–500-жылдар аралыгы) Ибер маданияты калыптанып, ал Жер Ортолук деңиз жээгине тараган. Б. з. ч. 7-кылымдан Испаниянын түштүк ж-а чыгыш жээктери финикийлер м-н гректердин колониясына айланып, б. з. ч. 3-кылымдын аягынан Испаниянын көп жери Карфагенге, б. з. ч. 2-кылымдын башынан Римге караган. Узакка созулган (б. з. ч. 2-кылым – б. з. 5-кылымынын ортосу) Рим бийлиги Испанияны романдаштырууну жүргүзгөн. 409-жылы Испанияга вандал, алан (429-жылы Африкага сүрүлгөн) ж-а свевдер басып кирип, өлкөнүн түндүк-батышында свевдер королдугун түзгөн. Пиреней жарым аралынын көп бөлүгү Батыш Рим империясынын үстөмдүгүн формалдуу түрдө гана тааныган испан-рим ак сөөктөрүнүн бийлигинде калган. 5-кылымдын орто ченинен Испаниянын дээрлик бардык аймагын вестготтор басып алып, 6-кылымдын башында Галлиядан Испаниянын Иоледо шаарына Вестгот королдугунун борборун көчүрүп келген. 6-кылымдын аягында Рим-католик чиркөөсү королдуктун мамлекеттик чиркөөсүнө айланган. 711–718-жылдарда Түндүк

Африкадан кол салган арабдар Пиреней жарым аралын (түндүктөн башкасын) бүт дээрлик басып алып, Омейяд халифатынын курамында эмирлик түзүшкөн. 718-жылы арабдарга каршылык көрсөтүү борбору – Астурия королдугу түзүлүп, Реконкистага (Пиреней жарым аралынан арабдар басып алган жерди жергиликтүү калктын кайра тартып алуу күрөшү) жол ачылган. Испаниядагы араб мамлекети (Кордова халифаты) Абдаррахман IIIнүн тушунда (912– 961-жылдарда сураган) бир топ күч алган. 10-кылымдын аягында борбордук бийликтин күчү начарлап, 1031-жылы Кордова халифаты майда көп эмирликтерге бөлүнгөн. Бул Реконкистанын ийгиликтүү жүрүшүнө шарт түзүп, көз карандысыз Испания мамлекеттеринин (Леон, Кастилия, Наварра, Арагон ж. б. королдуктар) биригишин тездетип, 1479-жылы бирдиктүү Испания мамлекети түзүлгөн. Реконкиста 1492-жылы Пиреней жарым аралындагы арабдардын акыркы таянычын – Гранаданы алуу м-н аяктаган. Испанияда абсолюттук монархия калыптана баштаган. Еретиктерди катуу куугунтуктаган инквизиция киргизилген (1480). Реконкиста аяктаган соң, бийлик кирешенин жаңы булактары үчүн күрөшкөн. Х. Колумб Американы ачкандан (1492) кийин, испандар 16-кылымдын 1-жарымында Борбордук ж-а Түштүк Американын Мексика, Боливия, Перу сыяктуу бир топ жерин каратып, колониялык империясын түзгөн. Америкадан талап алынган ж-а кулдардын арзан эмгеги м-н табылган алтын м-н күмүш Испанияга ташылган. Испания Европадагы ээликтерин (Неаполитан королдугун, Сицилияны ж. б. каратуунун эсебинен) кыйла кеңейтип, дүйнөлүк ири державага айланган. Американы колонияга айландыруу Испаниянын экономикасына адегенде оң таасир тийгизген. Бирок 16-кылымдын ортосунда Испаниянын экономикасы начарлап, тышкы саясаты да кризиске учураган. Англия м-н болгон согушта (1588) «Жеңилбес армада» деп аталган испан флоту талкаланган; 16-кылымдын аягында Франциядагы диний согушта көздөгөнү ордунан чыккан эмес. 1566-жылы Нидерландда буржуазиялык революция чыгып, Түндүк Нидерланд Испаниядан 1581-жылы бөлүнгөн. Англия м-н болгон согуштарда (16–17-кылымдар) деңизге үстөмдүк кылуу укугунан ажыраган. 18-кылымдын башынан Испания ж-а ага караштуу жерлер Франция, Улуу Британия, Австрия ж. б. державалардын күрөш объектисине айланган. Карл II өлгөндөн кийин (1700), Испан мурасы
үчүн жалпы европ. согуш (1701–11) башталып, ал Бурбондор династиясынын негиздөөчүсү Филипп Vнин (француз королу Людовик XIVнүн небереси) бийлигинин орношу ж-а И-нын Европадагы ээликтерин бөлүштүрүү м-н бүткөн. 18- к-дын 60–80-жылдарында Карл IIIнүн (1759– 88-ж. башкарган) тушунда агартуучул абсолютизм багытында реформа жүргүзүлүп, И-дан иезуиттер куулган (1767); протекционисттик бажылар киргизилген; Местанын артыкчылыгы
бир аз чектелген. И. эл аралык мамилелер жаатында Францияга ыктап, Улуу Британияга каршы согушкан (1739–48, 1762–63, 1779–83). 18-
к-дын 80-жылдарынын аягында И-дагы агартуучулук абсолютизм саясаты аяктаган. 1789-ж. Францияда башталган рев-я И-нын башкаруучу чөйрөлөрүн феод. клерикалдык реакция позициясына түрткөн. Карл IVнүн тушунда (1788– 1808-ж. башкарган) И. адегенде рев-ячыл Франция Респ-на (1793–95) каршы согушта жеңилип, тышкы саясатта француздардын позициясын колдоого мажбур болгон. Наполеон Iнин эркине көнүп, И-нын башкаруучулары Улуу Британия (1796–1802, 1804–08) ж-а Португалия м-н (1901) бүлгүндүү согуштарды жүргүзгөн. Француз-испан флоту Трафальгардагы салгылашууда (1805) талкалангандан кийин, И-нын амер. колониялары м-н байланышы өтө эле начарлап, өлкөдө нааразылык күчөгөн. Португалияны каратып бөлүп алуу ж-дө Наполеон I м-н Годой келишими (1807, октябрь) түзүлүп, анын негизинде француз-испан аскерлери 1807-ж. ноябрда Португалияны басып алган. Бирок 1808-ж. мартта Франция И-га кол салган. Франция жапырыгы И-да азатчыл согушту пайда кылып, испан рев-ясынын (1808–14) чыгышына түрткү берген. И-да партизан кыймылы (герилья) кеңири кулач жайып, азатчыл согуш ийгиликтүү аяктаганы м-н (1814, май), абс. башкаруу калыбына келтирилген. Король Фердинанд VII (1808, 1814–33-ж. башкарган) 1812-жылдагы конституцияны, кортестердин бардык декреттерин жокко чыгарган. И-нын Америкадагы колонияларындагы боштондук кыймылын басууга аскер жиберген. И-нын өзүндөгү абс. режимге каршы күрөштө армия башкы роль ойногон. 1820–23-ж. рев-янын жүрүшүндө Фердинанд VII конституцияны (1812) орундоо үчүн ант берүүгө аргасыз болгон (1820, 9-март). Ыйык союз
чечими б-ча рев-я фр. куралдуу интервенциянын (1823, апрель – сентябрь) жардамы м-н басылып, И-да абс. режим кайра орногон. Фердинанд VIIнин декрети (1823, 1-октябрь) б-ча конституциялык өкмөттүн бардык мыйзамдары жокко чыгарылган. Америкадагы испан колонияларынын азатчыл күрөшүнүн натыйжасында испан аскерлери Америкадан куулган (И. бийлигин Куба м-н Пуэрто-Рикодо гана сактап калган). И-да 1833-ж. 1-карлчылар согушу (1833–
40) деп аталган гражд. согуш башталып, анын жүрүшүндө испан коомунун либералчыл, антифеод. күчтөрү Карл IVнүн улуу баласы Дон Карлосту такка отургузууну жактаган абсолютизмге каршы күрөшкөн. 1834–43-ж. революция
өлкөдө алгач туруктуу кайра курууларды ишке
ашырган: инквизиция, майорат, помещиктердин сеньордук укуктары жоюлган, конституциялык монархия режими орнотулган. Бирок аскер төңкөрүшүнүн (1843, июль) натыйжасында жер ак сөөктөрүнүн абалы кайрадан чыңдалган.
19-к-дын 40–50-жылдары И-да металлургиялык з-ддор, машина куруу ишканалары, тоокен ө. ж. тез өнүгүп, т. ж. салынган. Банктар м-н камсыздандыруу компаниялары түзүлгөн. Бурж. кайра куруулардын аяктабагандыгы кийинки рев-ялардын (1854–56; 1868–74) чыгышына себеп болгон. 1868-ж. королева Изабелла II И-дан куулуп, бийлик прогрессчилер м-н униончуларга (либералдык союздун мүчөлөрү) өткөн. Алар жалпыга бирдей шайлоо укугун (эркектер
үчүн), динге табынуу, чогулуш, басма сөз эркиндигин жарыялашкан. Испан тактысы Амадей Савойскийге өткөн. Нааразычылык күчөгөнүнөн улам Амадей Савойский бийликтен баш тарткан (1873, февраль). И. респ. (1873–74) болуп жарыяланып, бийлик республикачылардын колуна өткөн. Бирок мамл. төңкөрүштүн (1874, декабрь) натыйжасында И-да борб. монархия калыбына келтирилген. Испан буржуазиясынын төбөлдөрү жер ак сөөктөрү м-н блок түзгөн. Бул келишим 1876-жылдагы конституцияда белгиленип, Пакто эль Пардо деп аталып, Консерватор партия м-н Либерал партия (1875-ж. негизделген) мамлекетти кезектешип башкаруу ж-дө 1885-ж. макулдашкан.
1898-ж. апрелде АКШ Кубаны бошотууну
шылтоолоп, И-га согуш ачкан. Анда жеңилген И. тынчтык келишими (1898, 10-декабрь) б-ча АКШга Куба, Пуэрто-Рико, Гуам а-дары м-н Филиппин архипелагын аргасыздан берген. 1899-ж. Германия И-ны Каролина ж-а Мариана а-н сатууга мажбурлаган. Натыйжада И-нын Африкада гана азыноолак колониясы калган. 20-к-дын башында И. колониялык саясатын жандандырып, Мароккону бөлүп алуу ж-дө Франция м-н келишим түзүп (1904, 1912), анын аз бөлүгүнө ээ болгон.
Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1914–
18) И. бейтараптыгын жарыялаган. Согуш аяктагандан кийин, И-нын абалы начарлап,
ө. ж-нын айрым тармактары кыскарып, жумушсуздук көбөйгөн. Мароккону каратууну тездетүү
үчүн болгон Анвалдагы салгылашууда испан аскерлеринин талкаланышы (И-нын 10 миңден ашык солдаты м-н офицери кырылган ж-а жарадар болгон) монархияга каршы турган бардык партиялар колдогон нааразылык кыймылын пайда кылган. 1923-ж. 13-сентябрда генерал М. Примо де Ривера мамл. төңкөрүш жасап, И-да аскердик-монархия диктатурасын орноткон. Анын өкмөтү кортестер м-н муниципалитеттерди таратып, бардык саясий партияларга тыюу салган. 1927-жылдан бул диктатурага ж-а монархияга каршы жалпы улуттук кыймылдын күчөшүнөн улам генерал М. Примо де Ривера отставкага кеткен (1930-ж. 28-январь). Респ-чылар м-н социалисттерден куралган рев-ячыл к-т И-ны респ. деп жарыялаган. Король Альфонс XIII эмиграцияга кеткен.
Фашисттик коркунучтун күчөшү (1933-ж. фашисттик партиянын Испан фалангасы негизделген) бардык күчтөрдүн биригишине алып келген. 1936-ж. 15-январда Элдик фронт түзүлүп, 1936-ж. 16-февралдагы кортестерге шайлоодо жеңип чыккан. 1936-ж. 17–18-июлда чыккан аскердик-фашисттик козголоң И-да 32 айга созулган гражд. согушка айланган. Козголоңчулар басып алган Бургос ш-нда түзүлгөн мамлекет м-н
өкмөт башчысы болуп генерал Франко дайындалган. Согушта республикачылар жеңилип калган. И-да Франко башында турган авторитардык режим орногон.
И. бейтараптык саясатын жарыяласа да, экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германия м-н Италияга жардамдашкан. 1947-ж. И. королдугу түзүлүп, Франко мамлекеттин түбөлүк башчысы болуп жарыяланган.
И. 1952-ж. ЮНЕСКОго ж-а 1955-ж. БУУга кабыл алынган. 1953-ж. 26-сентябрдагы амер.-испаниялык келишимге ылайык (1963-, 1970-ж. узартылган), И-да амер. аскер базаларынын тармагы курулган.
60-жылдардын 2-жарымы – 70-жылдардын 1- жарымында жаңы конституциялык мыйзамдар кабыл алынган. 1931-ж. кулатылган король Альфонс XIIIнүн небереси Хуан Карлос 1969-ж. Бурбон Франконун сунушу б-ча Франконун ишин улантуучу болуп бекитилген. 1975-ж. ноябрда диктатор Франко өлүп, 22-ноябрда Хуан Карлос Бурбон И-нын королу болуп жарыяланган. 1976-ж. түзүлгөн жаңы өкмөттү А. Суарес Гонсалес жетектеген. Өлкөдө демокр. жаңылануулар жүрүп. 1978-ж. жаңы конституция күчүнө кирген. 2004- ж-а 2008-жылдардагы парламенттик шайлоолордо И. соц. жумушчу партиясы жеңишке жеткен. Х. Л. Родригес Сапатеро премьер-министр болуп калган.
Чарбасы
. И. – дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн
постиндустриялык өлкөгө кирет. ИДПнин көлөмү (1232 млрд доллар, 2006) б-ча дүйнөдө 11-, Европа союзуна (ЕС) кирген өлкөлөрдүн ичинен 5-орунда (Германия, Улуу Британия, Франция ж-а Италиядан кийин) турат. Аны киши башына бөлүштүргөндө 27,9 миң доллардан туура келет. ИДПнин 67,2%ин тейлөө чөйрөсү, 27,9%ин ө. ж. ж-а курулуш, 3,1%ин а. ч., токойчулук ж-а балык уулоо түзөт.
Ө. ж-нын структурасында алдыңкы орунду – машина куруу, тамак-аш ө. ж., нефтини кайра иштетүү ж-а нефть-химия, кара ж-а түстүү металлургия, минералдык (металл эмес) сырьёлорду казып алуу, целлюлоза-кагаз ж-а полиграфия, энергетика, орг. химия продукцияларын
өндүрүү, текстиль, тигүү ж-а булгаары-бут кийим тармактары ээлейт. Экономикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалардын бири – отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы.
Өлкөдө энергияга болгон муктаждык тынымсыз өсүүдө. Энергияны керектөөнүн 50,6%ин нефть ж-а нефть продуктулары, 21,4%ин газ, 13%ин көмүр, 1,6%ин гидроэнергия, 11,2%ин атом энергиясы, 2,2%ин башка булактар (шамал, күн энергиясы) түзөт (2006). 2006-ж. 164 миң т нефть казылып алынган, ал ички керектөөнүн 0,2%ин гана канааттандырат, сырттан 70,9 млн т нефть ж-а нефть продуктуларын сатып алат. 2005-ж. 216 млн м3 газ өндүрүлгөн, керектөөсү 33,4 млрд м3ди түзөт. Казып алын-

ган көмүр (16,1 млн т) өлкөнүн ага болгон муктаждыгын канааттандыра албайт. Өндүрүлгөн 229,6 млрд кВт.с электр энергиясынын 126,9 млрд кВт.сы өлкө ичинде керектелет. Атом энергетикасы өзүнүн уран кенташтарынын базасында өнүккөн; 6 АЭС иштейт, 800гө жакын чакан ГЭС бар. Шамал энергиясын пайдалануу б-ча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына

кирет. Шамал энергетика курулмаларынын аныкталган кубаттуулугу 11,7 миң МВт чамасында.
Ө. ж-нын маанилүү тармактарынын бири – металлургия. 2006-ж. 265 миң т темир кенташы, 5 млн т чоюн, 18,4 млн т болот өндүрүлгөн. Металлургия өндүрүшүнүн ири борборлору: Барселона, Авилес, Хихон, Бильбао, Сантандер, Сагунто, Сестао, Кадис. Түстүү металлургия азыр негизинен импорттук сырьёлорго байланыштуу; сымап өндүрүү кыскарууда, дүйнөдөгү эң ири сымап кени – Альмаден; ал жайгашкан региондогу экол. кооптуу кырдаалга байланыштуу аны казып алууну 2011-ж. биротоло токтотуу каралууда. О. эле цинк, коргошун, жез, глинозём
өндүрүлөт. Машина куруу – өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармагы. Машина куруу комплексинде автомобиль ө. ж. – И-нын эл аралык адистешүүгө кирген бир тармагы. Чыгарган автомобилдеринин жалпы саны (2777,4 миң; а. и. жеңил автомашина 2078,6 миң) б-ча дүйнөдө Япония, АКШ, Кытай, Германия, Түш. Корея ж-а Франциядан кийинки 7-орунда. Негизги продукциялары: оор ж-а жеңил жүк ташуучу автомашиналар, автобус, жеңил автомобиль, кеме, о. эле металл иштетүүчү түрдүү станоктор, металлургия, курулуш үчүн ж-а электр-тех.
ө. ж. жабдуулары, желдетүү техникасы, а. ч.
техникасы ж. б. Химия ө. ж. орг. синтез продукциясын, синтез чайыры, пластмасса, сыр ж. б. продукцияларды чыгарат. Целлюлоза-кагаз ө. ж. продукциясынын 50%и экспорттолот. И. целлюлозаны экспорттоо б-ча ЕСке кирген
өлкөлөрдүн ичинен 4-, дүйнөдө 7-орунда турат.
Эмерек ө. ж. ашкана, уктоо бөлмөлөрү ж-а ванна үчүн жогорку сапаттагы гарнитурларды чыгарууга адистешкен. Курулуш ж-а жасалга материалдар ө. ж. жерг. курулуш сырьёлорун пайдаланат; мрамор, акиташ теги, жогорку сапаттуу бор, доломит, каолин казып алат. Цементти импорттоо б-ча дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт. Карапа ж-а фарфор-фаянс
өндүрүшүнүн өлкөнүн экспорттук продукциясында үлүшү зор. Текстиль ө. ж. ж-а кийим тигүү
өндүрүшү б-ча ЕС өлкөлөрүндө 3-орунда турат. Булгаары-бут кийим ө. ж. эзелтен эле экспортко адистешкен тармак болуп саналат. Бут кийим чыгаруу б-ча (2005-ж. 126,7 млн жуп) Европада Италиядан кийинки 2-орунда. Тамак-аш ж-а тамеки ө. ж. ЕСке кирген өлкөлөрүнүн ичинен Германия, Франция, Улуу Британия ж-а Италиядан кийинки 5-орунду ээлейт. Тамак-аш, шарап, угуту күчтүү спирт ичимдиктерин, эт ж-а сүт продукцияларын, май, мөмө-жемиш консерваларын, алкоголсуз ичимдиктерди ж. б. чыгарат. Негизги экспорттук продукциялары: зайтун майы, шарап, сүрсүтүлгөн эт, балык ж-а мөмө жемиш-жашылча консервалары. Шарап даярдоо б-ча Европада Италия, Франциядан кийинки 3-орунда. Испандардын чүйгүн эт азыгы – хамонду чыгаруу б-ча дүйнөгө белгилүү. Тамеки чыгаруу б-ча дүйнөдө 10 ири өлкөнүн ичинде.
Өлкөнүн ИДПсиндеги а. ч. өндүрүшүнүн (токой чарбасы, аңчылык, балык уулоо ж-а өстүрүү м-н кошо) үлүшү 3,1% (2006). И. а. ч. продуктуларын өндүрүү б-а Европа союзуна кирген
өлкөлөрдүн ичинен Франция, Италия ж-а Германиядан кийинки 4-орунда. Өлкө азык-түлүккө болгон муктаждыгын өзү камсыз кыла албагандыктан, дан, эт, сүт ж. б. азыктарды сырттан сатып алат. Үй-бүлөлүк чакан фермалар басымдуу. Жер фондусунун (33,1млн га) 24,86 млн гасы а. ч-га жарактуу жер, анын 65%и айдалат, 35%и шалбаа ж-а жайыт. Сугат жерлеринин аянты (4 млн га чамасында) б-ча Батыш Европада алдыңкы орунда. Италиядай эле И. да цитрус өсүмдүктөрүн, жемиш, жашылча, жүзүм,

зайтун, о. эле дан эгиндерин өстүрүүгө адистешкен. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: буудай (айдоо аянтынын 20%и), шалы, бадам, арпа, жүгөрү, тамеки, жашылча (эгин аянтынын 60%и), картөшкө ж. б. Зайтун майын өндүрүү б-ча дүйнөдө 1-, шарап чыгаруу б-ча Италия ж-а Франциядан кийинки 3-орунду ээлейт. О. эле апельсин (дүйнөлүк түшүмдүн 3%и), лимон (киши башына бөлүштүрүү б-ча дүйнөдө 1-орунда, 11 кг) ж-а лайма, мандарин, шабдалы, нектарин, өрүк, кайналы, гилас, киви, авокадо ж. б. өстүрүлөт. Жашылча өстүрүү б-ча да дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Томат, пияз, сарымсак, артишок (дүйнөдө Италиядан кийинки 2-орунда), капуста, спаржа, калемпир, бадыраң, козу карын (Европада Нидерландиядан кийинки 2- орунда), баклажан ж. б. эгилет. Негизги тех.
өсүмдүктөрү: кант кызылча, күн карама, о. эле пахта, тамеки. 2005-ж. 5,9 бодо мал, 19,7 млн кой (Европада Улуу Британиядан кийинки 2- орунда), 2,5 млн эчки (Грекиядан кийинки 2- орунда), 22,8 млн чочко (Германиядан кийинки 2-орунда), 174,3 млн үй кушу (тоок, өрдөк, каз ж. б.) болгон. Токой аянты 13,9 млн га, анын негизги массивдери өлкөнүн түн. ж-а түн.-батыш бөлүктөрүндө. Балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсү – И. экономикасынын башкы
ж-а динамикалуу өнүгүп жаткан сектору; анда ИДПнин 67,2%и жаралат. Эң маанилүү секторлору: туризм ж-а ага байланыштуу мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу, о. эле соода, ишкердик тейлөөлөр, билим берүү, саламаттык сактоо. Рекреациялык тейлөө – И-нын эл аралык адистешкен маанилүү тармактарынын бири. Анда ИДПнин 12%и түзүлөт. Жыл сайын 50–60 млн турист келет. И-га келген чет өлкөлүк туристтерин саны б-ча дүйнөдө Франциядан кийинки 2-орунду ээлейт. Туризмден түшкөн киреше (38,5 млрд евро; дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунда) ага кеткен чыгымдан 3 эсе көп. И-нын негизги туристтик зоналары – Жер ортолук деңиз аймагы (Каталония, Валенсия, Андалусия), Балеар ж-а Канария а.; бул аймактар И-га келген туристтердин 83%тен ашыгын кабыл алат.
Атомобиль жолунун жалпы уз. 666,3 миң км, анын 12 миң кми жогорку ылдамдыкта жүрүүчү,
көп тилкелүү автотрассалар (Европада Германия, Франциядан кийинки 3-орунда). Негизги автотрассалары Мадридден Ла-Корунья, Ирун, Ла- Хункер, Валенсия, Севилья, Бадахос тарапка тарайт. Башка маанилүү автотрассалары: өлкөнүн түндүгүндө кеңдик багытта созулган Кантабрия жолу – Ирун – Овьедо – Ла-Корунья – Туй; Жер ортолук деңиз жолу – Ла-Хункер – Малага; меридиандык жол – Хихон – Саламанка – Касерес – Кадис ж-а Миранда-де-Эбро – Витория – Сарагоса – Валенсия. Португалия м-н байланыштырган Севилья – Лисабон, Ла- Корунья – Лисабон жолдору иштейт. Т. ж-нун уз. 14,94 миң км, анын 1052 кми жогорку ылдамдыктагы жол. Жогорку ылдамдыктагы ири т. ж. магистралдары арбын. И-да 157 аэропорт иштейт, анын 47си эл аралык аэропорт. Эл аралык ири аэропорттору – Мадрид, Барселона, Пальма, Малага, Лас-Пальмас, Аликанте ш-нда. Деңиз транспорту сырткы соода жүктөрүнүн негизги бөлүгүн ташыйт. И. желеги м-н 167 деңиз соода кемеси (ар бири 1000 регистрдик брутто тоннадан ашык) жүрөт. Ички суу жолунун уз. 1000 кмдей, газ куурунуку 7,2 миң км, нефть куурунуку 730 км, нефть продукт куурунуку 3,5 км (2006). Метрополитен Мадрид, Барселона, Бильбао, Валенсия, Пальма, Севилья ш-нда иштейт.
Өлкөнүн экспорту м-н импортунда ө. ж. продукциялары басымдуулук кылат. Экспортко
ө. ж. жабдуулары (траспорттуку кошо), азыктүлүк, автомобиль куруу продукциялары, ө. ж.
чала фабрикаттары, химия ө. ж. продукциялары, керектөө товарлары чыгарылат. Экспорттук продукциянын дээрлик жарымынан көбү Каталония, Валенсия, Мурсия аймактарында
өндүрүлөт. Сырттан машина куруу продукция-

лары, энергия алып жүргүчтөр (нефть, газ ж. б.), керектөө товарлары, тамак-аш, химия продукциялары ж. б. сатылып алынат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Германия, Италия, Португалия, Улуу Британия, Нидерланд, Россия, о. эле АКШ, Кытай, Япония. И. – эл аралык туризмдин ири борбору; 2004-ж. 53,6 млн чет өлкөлүк турист келген (дүйнөдө 2-орунда).
Маданияты
Испанияда 6–16 жаштагы балдарды окутуу милдеттүү жана акысыз. Окуучулардын көпчүлүгү менчик мектептерден билим алышат.
Өлкөдө 40тан ашык университет бар, анын ичинен эң ирилери Мадрид (1508-жыл) жана Барселона (1450), Саламанка (XIII к.) жана башка университеттери. Студенттердин 96%и мамлекеттик жогорку окуу жайларда билим алышат. Эң ири китепканасы – Мадриддеги Улуттук китепкана. Испанияда күнүнө 3,3 млн нускада 120 гезит жарык көрүп турат. Анын ичинен айрыкча белгилүүлөрү:

«Паис», «АВС», «Вангуардия», «Диарио – 16», «Мундо» жана башкалар. Испанияда 90го чукул музей бар. 1818-жылы негизделген Мадриддеги Прадо музейинде XIX кылымдын орто ченине чейинки мезгилге таандык испан живописинин бай коллекциясы бар.
Испания жергесинде табият илимдери антикалык доордо пайда болгон. Ал кезде Испанияда Рим империясынын кубаттуу провинцияларынан келген географ Помпоний Мелла, агроном жана ботаник Луций Колумелла өңдүү белгилүү илимпоздор эмгектенген. Испания аймагына варвар уруулар басып кирип, вестготтордун алгачкы феодалдык мамлекетинин орношу (V кылымдын ортосу – VIII кылымдын башы) илим менен маданияттын кедерин кетирген. Испанияда илим араб жеңип алууларынан кийин кайра жанданып, андагы араб илимпоздору дүйнөлүк илимдин өнүгүшүнө кыйла салым кошкон. IX–X кылымдарда Кордова шаарындагы университет илимдин очогу болгон. X–XI кылымдарда араб илимпозу Маслама аль- Мадриленьо шакирттери менен арифметика, геометрия, астрономия боюнча эмгектерди басып чыгарган. XII кылымда Севилья жана Толедо шаарларында илим очогуна айланган. Толедодо котормочулар мектеби калыптанып, аль-Фараби, Ибн Сина, Ибн Гебирол, ибн Эзр сыяктуу араб жана еврей чыгаан илимпоздорунун эмгектерин Европага тааныштырган. XIII кылымдагы илимдин өнүгүшүнө Кастилия королу Альфонс Х Акылмандын кыйла салымы бар. Ал алхимиялык трактаттарга түшүндүрмө жазган, анын башчылыгы менен түзүлгөн планеталар кыймылынын таблицасы Европада үч кылым бою мыкты таблица катары колдонулган. Арабдарды сүрүп чыгарып, испандардын колонияга ээ болушу Испанияда жаңы илим очокторунун – Лерида (1300), Уэска (1334), Вальядолид шаарларында университеттердин ачылышына түрткү берген. Испания өз алдынча мамлекет болуп бириккенге байланыштуу соода менен өнөр жайдын өнүгүшү кеме куруу, навигация, картография ишинин өсүшүнө жол ачып, деңиз саякатына жана географиялык ачылыштар жасоого өбөлгө түзгөн. XV кылымдын аягы Испанияда илим менен маданияттын гүлдөп турган мезгили болгон. 1492-жылы Колумб Американы ачкан; XV–XVI кылымдарда испан саякатчылары жана конкистадорлор Америка географиясын изилдешкен; Б. Лас Касас, Ф. де Овьедо, Н. Монардес Американын зоологиясы, ботаникасы, географиясы боюнча баалуу маалыматтар берген; гуманист жана анатом М. Сервет кан айлануунун кичине тегерегин тапкан. XVI кылымдын 2-жарымы – XVII кылымда инквизиция күч алып, Испаниянын саясаты менен экономикасын начарлаткан. Бул илимдин кыйрашына алып келген. XVIII кылымдын орто ченинен Испаниянын экономикасы менен маданияты кайра жанданган. Өлкөдөн иезуиттерди кууп чыккандан кийин (1767), окуу жайларды чиркөөдөн жарым-жартылай бөлүүгө мүмкүндүк болгон; Латын Америкасына, Австралияга, Филиппинге ил. экспедициялар уюштурулган; ага-ини д’Элуяр вольфрамиттен вольфрам бөлүп алган (1783); А. М. дель Рио Мексиканын коргошун кенташтарынан ванадий тапкан (1801). Механиканы жана жылуулукту изилдөө турмуш муктаждыгына карата жүрүп, жаңы типтеги токуу станогу, суу сордурма буу насосу жана башкалар ойлоп чыгарылган. XIX кылымдын 20–30-жылдары Испанияда өнөр жайдын ыкчам өсүшү илимий изилдөө ишине көмөк берген. 1823-жылы Жарандык инженерлер мектеби, Барселонада 1850-жылы Индустрия мектеби ачылган, ошол эле жылы Испаниянын геологиялык картасын түзүү боюнча комиссия түзүлгөн. Бирок XIX кылымдын 2-жарымында испан илиминин деңгээли Европадагы алдыңкы өлкөлөрдөн төмөн бойдон калган. Ошол эле учурда испан биологиясы менен медицинасында да ийгиликтер байкалган (мисалы, улуу гистолог С. Рамон-и-Кахалдын эмгеги Нобель сыйлыгына арзыган). XX кылымда өнөр жайдын өнүгүшү, техникалык прогресс, жаңыдан башталган илимий революция артта калган Испанияда да илимий изилдөө ишин жакшыртууга түрткү берген. 1900-жылы Биология изилдөө институту, 1907-жылы Илимий изилдөөлөрдү өркүндөтүү совети жана башкалар уюшулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин машина куруу, электр-техникалык жана электрондук өнөр жайдын ылдам өнүгүшүнө байланыштуу илимий мекемелер көбөйгөн; магнетизм, магнетохимия, спектроскопия, ядро физикасы жана башка тармактар боюнча илимий изилдөө иштери өркүндөгөн. I–V кылымдарда испандардын философиялык окуусу рим философиясынын бир бөлүгүн түзгөн. Испания вестготтордун мамлекети болуп турганда (V–VIII кылымдар), философия теологияга көз каранды болгон. Арабдардын бийлиги тушунда (VIII–XII кылымдар) арабдардын философиясы кең кулач жайып, антикалык философиялык ойдун испан маданиятына өтүшүнө чоң роль ойногон. X кылымда еврей философиясынын да очогуна айланган. XIX кылымдын 2-жарымында немис ойчулу К. Краузенин философиясы, неокантчылык, неогегелчилик, позитивизм, XIX кылымдын аягынан маркстык философия жайылган. XX кылымдын аягынан анализдик философия өнүгүүдө.
Испания адабияты испан тилинде жана баск, каталан сыяктуу майда элдердин тилинде өнүгүүдө. Ал орто кылымда фольклордун, антикалык жана араб маданиятынын таасиринде калыптанса, реконкиста мезгилинде элдик лирика менен баатырдык эпос («Менин Сидим жөнүндө ыр», 1140-жылдар ченде жазылган), орто кылымда клерикалдык-рыцардык адабият негизги орунду ээлеп, роман жазуу өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда (XV кылымдын аягы – XVI кылымдын башы) Ф. де Рохастын «Селестина» роман-драмасы театрдын калыптанышына себеп болсо, М. Де Сервантестин «Дон Кихот» романы дүйнөлүк адабияттын алтын казынасына кирип, ири чыгарма катары таанылган. XVI кылымда Лопе Ф. де Вега Карпьо, Лопе де Руэда жана башкалардын чыгармаларында ренессанстык драма калыптанган. XVII кылымда барокко адабияты, XVIII кылымда классикалык жана реалисттик багыт, XIX кылымда натурализм идеялары өнүккөн. XX кылымда акын жана драматург Гарсия Лорканын чыгармачылыгы көрүнүктүү орун ээлейт.
Өлкөдө 1939-жылы республикалык бийлик жеңилгенден кийин, испан адабиятынын кедери кетип, көп адабиятчылар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1950–1960-жылдарда Пио Бароха (1872–1956), 1956-жылы Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон. Хуан Рамон Хименес (1881–1958), 1977-жылы ушул эле жогорку сыйлыкка татыган Висенте Алейксандре (1898–1984), 1980–2000-жылдарда К. Рохас, Х. Фернандес Сантос, М. Делибес, Х. Хименес Лосано жана башкалардын чыгармалары белгилүү.
Испания аймагында аскага оюп түшүрүлгөн байыркы эстеликтер палеолит дооруна таандык. Испанияда ошондой эле Рим баскынчылары менен вестготтор тушундагы архитектура, зер өнөр чыгармалары сакталган.


Арабдардын маданияты испан архитектурасына чоң таасирин тийгизип, бир топ ажайып архитектуралык имараттар курулган, алсак, Кордова шаарындагы мечит (VIII кылым), Гранададагы Альгамбра сарайы (XIII–XV кылымдар) жана башкалар. Реконкиста учурунда архитектура жана көркөм сүрөт өнөрү өз алдынча калыптана баштаган. XIV–XV кылымдарда Испания готикасынан мавритан архитектурасынын таасири көбүрөөк байкалат. XVI кылымда италян искусствонун таасири астында маньеризм мектеби калыптанып, айкелчи Алонсо Берругете (1490–1561), живописчилер Луис де Моралес (1510–1586), Эль Греко (1541–1614) жана башкалар анын көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болгон. Көркөм сүрөт өнөрү XVII кылымда жогору өнүгүп, Хусепе де Рибера (1591–1652), Бартоломе Эстебан Мурильо (1618–1682), Франсиско Сурбаран (1598–1664), Дьего де Сильва Веласкес сыяктуу белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары жаралган. XVIII–XIX кылымдардагы Испания искусствосунун өрүш алышы Ф. Гойянын чыгармачылыгы менен байланыштуу. XX кылымдын биринчи жарымында испан иск-восунун салттары кайрадан жанданат

. Бул мезгилде дүйнөлүк искусствого «модерн генийи» деп аташкан архитектор Антонио Гауди, жиповисте сюрреализмдин көрүнүктүү өкүлү Сальвадор Дали (1904–89), кубист Хуан Грис (1887–1927), абстракционист Хуан Миро (1893–1983) жана Пабло Пикассо жаңы багыттар менен киришкен. Испания музыкалык маданиятынын гүлдөп өскөн учуру XVI кылымга таандык. Бул мезгилде Кристобаль де Моралес (1500–53), Томас Луис де Виктория (1548– 1611), ошондой эле Антонио де Кабесон (1510–1566) сыяктуу компзиторлор клавесин жана орган үчүн музыка жаратышкан. XIX кылымда улуттук музыканын жаралуусуна испан композитордук мектебин негиздеген Фелипе Педрель (1841–1922) зор салым кошкон.XX кылымдын башында Энрике Гранадос (1867–1916), Исаак Альбенис (1860–1909), Мануэль де Фалья (1876–1946) жана башка компиторлор испан музыкасын Европага тааныткан чыгармаларды жаратышкан. Дүйнөгө таанымал Пласидо Доминго, Хосе Каррерас жана Монтсеррат Кабалье сыяктуу опера ырчылары тарбияланып чыгышкан.
Испания эллинизм доорунда эле бий өнөрү менен белгилүү болгон. Байыркы Римде Кадис бийчилери атак алган. Исреска, сарсуэла (XVII кылымдан), тонадиль (XVIII кылымдын 2-жарымынан) жана башка бийлер кеңири таралган. XVIII кылымда болеро, XIX кылымда танго бийлери пайда болгон. Алардын ар бири өзүнүн гана музыкалык аспаптары [гитара, мандолина, кастаньета, тамбурин, флейта, чоор (свирель) жана башкалар] менен коштолгон. 1978-жылы Мадридде Испания улуттук балети, 1979-жылы Классикалык балет негизделген; Мадриддеги опера театрында белгилүү балет труппасы, ошондой эле бий коллективдери иштейт. Испанияда театр өнөрү да өнүккөн. Орто кылымдарда диний жана калк театрлары айкалыш өнүккөн, XVI кылымдан профессионал труппалар жана калк театрлары (корраль) ачылган. Агартуу доорунда испан маданияты француздардын таасиринде болгон. Испанияда азыр көптөгөн драма, ошондой эле опера театрлары иштейт.
Испанияда биринчи көркөм тасма («Ферманын мактанчаактары паркта», режиссёру Ф. Хелеберт) 1905-жылы коюлган. Эң белгилүү испан кинорежиссёрлорунун бири – Луис Бюнюэль (1900–1983) 1928-жылы Сальвадор Дали менен бирге сюрреалисттик «Андалусия ити» аттуу тасма тарткан. Ал жарандык согуштан кийин Испанияны таштап кетүүгө аргасыз болуп, Мехикодо жашап, «Талкалоочу периште» (1962), «Күндүзгү сулуу «(1967) жана башка бир нече кино тасма жараткан. Франколук режимдин тушунда чет элге да таанымал болгон

Карлос Саура, Педро Альмодовар жана Фернандо Труэва сыяктуу кинорежиссёрлор чыккан. XX кылымдын аягы – XXI кылымдын баш ченинде демократиянын шарапаты кино жанрына да тийген. Бул мезгилде улуттук кинодо классикалык чыгармаларды тартуу менен катар (Л. Г. Берланга, Х. А. Бардем жана башкалар) жаңы жанрдагы, алсак, психологиялык, эротикалык кинолор да (Гутьеррес Арагон, Х. Медем, А. Аменабар жана башкалар) жаралган. Ф. Рей, Ф. Рабаль, А. Бандерас, В. А. Абреиль, П. Крус, К. Бардем жана башка киноактёрлору белгилүү.
Ад.: Гарсиа Х. Испания ХХ в. М., 1967; Испания 1918–1972. Исторический очерк. М., 1975; Современная Испания. М., 1983; Лагутина Е. И., Лачининский В. А. Страны Пиренейского полуострова. Л., 1984; Каптерева Т. П. Искусство Испании. М., 1989; Испания и Португалия. М., 1989; Испания. М., 1993; Буторина О. В. Испания: стратегия экономического подъёма. М., 1995; Киселев А. В. Испания. География, История. СПб, 2001; Лопатникова Д. Л. Испания. М., 2001; Испанская эстетика. Ренесанс. Барокко. Просвещение. М., 1977; Каптер Т. Т. Испания. История искусства. М., 2003; Турицын В. Н. Кино Испании. М., 1990. А. Молдомусаева, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.