ИСМАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАНОВ Хусаин (24. 1. 1924, Сокулук району, Орок айылы – 28. 9. 1956, Сокулук району, Кашка- Баш айылы) – Даңк орденинин толук кавалери.

Советтик Армияга 1943-жылы чакырылып, Түштүк-Ба­тыш, 3-Украин, 1-Белорус фронтторунда болгон. Ук­раинаны бошотууда, Висла­дан өтүүдө, Берлинди алуу­да замбирекчи болуп, эрдик көрсөткөн. Висла дарыясынын сол жээгиндеги плацдармды ээлөөдө душмандын контр­чабуулунун мизин кайтар­гандыгы үчүн 3-даражадагы (1944), Магнушев плацдар­мында душман техникала­рын жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы (1945) ж-а Познань шаарын алуудагы эрдиги үчүн 1-дара­жадагы Даңк (1945), Кызыл Жылдыз орденде­ри ж-а медалдар м-н сыйланган.