ИСМАИЛОВ Төлөсүн
ИСМАИЛОВ Төлөсүн (1926-жылы туулган, Ысык-Көл облусу , Тоң району, Кара-Талаа айылы – 1984, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958), Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1958).

Эмгек жолун Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Улакол» совхозунда малчы болуп иштөөдөн баштаган; 1943–62-жылдарда баш чабан, 1962-жылдан ушул эле совхоздо ферма зоотехниги болуп иштеген. 1957-жылы ар койдон 6,8 кгдан жүн кыркып, ар 100 тубар койдон 125тен козу алган. 1958– 66-жылдарда СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.