ИСЛАНДИЯ ДЕПРЕССИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:46, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСЛА́НДИЯ ДЕПРЕССИЯСЫ , И с л а н д и я м и н и м у м у – Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү атмосферанын төмөнкү басымдуу облусу. Түндүк жарым шардагы атмосферанын аракеттеги не­гизги борборлорунун бири. Негизинен кышкы мезгилде болот. Исландия депрессиясынын таасиринен Атланти­ка океанынан соккон нымдуу аба Батыш Евро­панын басымдуу бөлүгүндө деңиздик климаттын түптөлүшүнө өбөлгө түзөт. Климаттык карта­ларда анын негизги борбору Исландия м-н Түштүк Гренландиянын аралыгына жайгаштыры­лат. Исландия депрессиясынын борборунда январдагы басымдын өлчөмү 1000 гПадан төмөн.