ИСЛАНДИЯ (мамлекет)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:39, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИСЛАНДИЯ to ИСЛАНДИЯ (мамлекет)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСЛА́НДИЯ , И с л а н д и я Р е с п у б л и к а­ с ы – Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Исландия аралындагы мамлекет .

Түндүгүнөн Гренланд, чыгышынан Норвег деңиз­дери м-н чулганып, батышындагы Дания кысы­гы Исландияны Гренландиядан бөлүп турат. Аянты 103 миң км2. Калкы 312,9 миң (2007). Борбору – Рейкьявик шаары. Расмий тили – исланд тили. Акча бирдиги – Исландия кронасы. Административдик-аймактык жактан 23 облуска (сислага) бөлүнүп, алар Исландия статисти­касында 8 регионго биригет (к. таблицаны).


Таблица

Мамлекеттик түзүлүшү. Исландия – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Азыркы конституциясы 1944-жылы 17-июндан күчүндө. Мамлекет башчысы – президент (35 жаштан жогору Исландия жараны төрт жылдык мөөнөткө шайлана алат). Анын бийлиги бир кыйла чектелген. Исландия өкмөтү башында премьер­-министр турган министрлер кабинетинен турат.
Өкмөт парламент (альтинг) алдында жоопкер, бирок министрлерди президент дайындайт ж-а кызматтан кетирет. Мыйзам чыгаруу бийлиги 63 депутаттан турган альтингге таандык. Ал 1991-жылга чейин жогорку ж-а төмөнкү палатадан турган, учурда бир гана палаталуу. Конститу­цияга толуктоолор ж-а өзгөртүүлөр парламент аркылуу киргизилет. Саясий партиялары: Көз каранды эместик партиясы, Прогрессивдүү пар­тия, Либералдык партия, Социал-демократиялык альянс, Жашылдар ж-а солчулдар альянсы.
Исландия – БУУнун (1946), НАТОнун (1949), Европа Советинин (1950), Түндүк Советтин (1952), ЕККУнун (1973), Экономикалык кызматташуу ж-а өнүгүү уюму­нун (1961), Европа эркин соода ассоциациясы­нын (1970), ЭВФтин (1945), Эл аралык рекон­струкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Табияты. Аралдын рельефинде базальт м-н капталган жанартоо платолору (бийиктиги 400– 800 м) басымдуу; платолордо көп сандаган жа­нартоолор (Гекла, Лаки, Аскья ж. б.) жайгаш­кан. Түндүк-батыш, түндүк ж-а чыгыш жээктери ас­калуу, булуң-буйткалуу – фьорддуу; аралдуу түштүк-батыш ж-а түштүк жээктери – кумдуу, жа­йык. Жер титирөө тез-тез болуп турат; 200дөй жанартоо бар, анын 26сы – аракеттеги жанар­тоо, эң активдүүсү – Гекла. Ысык булактар –

Түштүк Исландиянын ландшафты.

гейзерлер (250дөн ашык) бар. Исландиянын эң бийик жери – 2119 м (Хваннадальсхнукюр чокусу). Климаты субарктикалык деңиздик. Январдын орточо температурасы жээктеринде 0°С, тоолордо 10°Сге чейин, июлдуку жээктерде 11°Сден тоолордо 0°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–2000 мм, мөңгү жаткан жерлерде 4000 ммге чейин. Мөң-

Борбордук жанартоо платосунан аккан дарыя.

гүлөрүнүн жалпы аянты 11,8 миң км2 (ириле­ри – Ватнайёкюдль, Лаунгйёкюдль, Хофсиё- кюдль). Мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда бо­соголор м-н шаркыратмалар көп; гидроэнергияга бай. Көлдөр көп. Тоо тундра, чым көңдүү саз,

Хвитау дарыясындагы Подльфосс шаркыратмасы.


Субарктика шалбаасы.

кылкандуу шалбаа өсүмдүктөрү, кайың токою­нун чакан массивдери (аймагынын 0,02%ин) ээлейт; көп жеринде өсүмдүк өспөйт. Жээк суу­лары балыкка бай. Исландияда 85 аймак коргоого алынган (өлкөнүн аянтынын 12%), андагы Тин­гведлир улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын тизмесине кирген. Калкынын 93%тен ашыгы исланддар; калган­дарын негизинен 1990–2006-жылдарда Борбордук ж-а Чы­гыш Европадан (поляктар, латыштар, эстондор, мурдагы Югославия өлкөлөрүнөн келгендер), ошондой эле Чыгыш ж-а Түштүк-Чыгыш Азиядан (филип­пиндер, тайвандыктар) келгендер. Бала төрөлүү боюнча Европада Ирландиядан кийин 2-орунда (1000 кишиге 14,3 бала), өлүм-житим аз (1000 кишиге 6,2 адам). Исландия Европадагы жаш куракта­гы калкы басымдуу өлкө; орточо жашы 35,9 жаш (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын 21,8%ин, 65 жаш ж-а андан кары курактагы­лар 11,7%ин (европалык орточо көрсөткүчтөн кыйла төмөн), эмгек курагындагылар (15–64) 66,5%ин түзөт. Калктын жашынын күтүлгөн орточо узак­тыгы 80,7 жаш (эркектердики 79,2, аялдардыкы 83,1 жаш). Калктын орточо жыштыгы: 1 км жер­ге 3,1 киши. Калктын 4/5 ү шаарда, анын 1/2 инен

ашыгы борбордук агломерацияда жашайт. Экономикалык ак­тивдүү калктын 71,8%и тейлөө чөйрөсүндө, 18,7%и өнөр жайында, курулушта, электр ж-а жы­луулук м-н камсыз кылууда, 6,1%и балык кармоодо ж-а аны иштеп чыгарууда, 3,4%и айыл

Рейкьявик – Исландиянын борбору ж-а негизги порту.
Акюрейри шаарынын көрүнүшү.

чарбасында эмгектенет. Ири шаарлары: Рейкьявик (калкы 117 миң; 2008), Коупавогюр (28,5 миң), Хабнарфьордюр (25 миң), Гардабайр (9,7 миң), Сельтьяднарнес (4,4 миң), Акюрейри (16,7 миң), Кеблавик (8,3 миң), Сельфосс (6,4 миң) ж. б.

Тарыхы. Исландиянын аймагында адам (негизинен норвегиялык колониячылар) 870-жылдан жа­шай баштаган. Исланддар 875-жылы Гренландия­ны ачып, 982-жылы аралга түшүшкөн, 1000-жыл чен­де Түндүк Америкага жеткен. 1000-жылы Исландия элдик чогулушу – альтинг христиан динин кабыл ал­ган. Ак сөөктөрдүн ич ара чыр-чатагынан пай­даланып, 1262–64-жылдарда Исландияны Норвегия королу ба­сып алган. 1380-жылы Исландия (Норвегия м-н бирге) Да­ния униясына, 1397-жылдан Кальмар униясы­на кирүүгө аргасыз болгон. Норвегия королдук статустан ажырагандан кийин (1537), Исландияны Да­ния өкмөтү башкарган. 1814-жылы Исландия Дания мо­нархиясынын курамына киргизилген. Исландияда 19- кылымдын 20–30-жылдарында алгачкы майда өнөр жай ишканалары курулган. Исландия интеллигенциясы улуттук-боштондук кыймылына жетекчилик кылган. Кыймылдын күчөшүнөн улам Дания 1874-жылы Исландияга ички иштери жагынан чектелген (1903-жылы кеңейтилген) автономия берген. 1896-жылы Исландиянын биринчи профсоюзу, 1893-жылы алгачкы сая­сий партиясы (Көз карандысыздык партиясы) негизделген. 1918-жылы 30-ноябрда Дания м-н Исландиянын жекече униясы жөнүндө келишим түзүлүп, Да­ния королу башкарган королдук болуп, Исландиянын бейтараптыгы жарыяланган. 1920-жылы 18-майда Исландиянын конституциясы кабыл алынган. 2- дүйнөлүк согушта (1939–45) Исландияга англиялык аскер­лер (1940, май) түшүрүлүп, 1941-жылы «Исландияны со­гуш убагында коргоо» жөнүндө АКШ өкмөтү м-н түзүлгөн келишимге ылайык америкалык аскерлер м-н алмаштырылган. 1943-жылы декабрда Дания-Ис­ландия униясынын мөөнөтү аяктаган. 1944-жылы 20–23-майда өткөрүлгөн референдумда Исландия кал­кы унияны бузуу ж-а республиканын жарыяланышы үчүн добуш берип, 16-июнда альтинг жаңы кон­ституция кабыл алган ж-а 17-июнда Исландияны рес­публика деп жарыялаган. Исландия Маршаллдын пла­нына (1948), НАТОго (1949) кирген. 1970–90- жылдарда оңчул центристтик ж-а солчул цент­ристтик өкмөттөр бири бирин алмаштырып тур­ган. 1978–79-жылдарда О. Йоуханнесондун солчул цен­тристтик өкмөтү (Прогрессчил партия, Элдик союз, Эркин ойлоочулар ж-а солчулдар союзу)

улуттук экономиканы өнүктүрүү, калктын тур­мушун жакшыртуу багытында бир топ чаралар­ды жүзөгө ашырган. 2003-жылы парламенттик шайлоонун жыйынты­гы боюнча Көз каранды эместик партиясы м-н Со­циал-демократиялык альянс партиясы Гейра Хаард же­тектеген коалициялык өкмөт түзүлгөн. 2006-жылы АКШ ж-а Исландия Кеблавиктеги америкалык согуштук ба­заны Исландия өкмөтүнө өткөрүп берүү ж-дөгү макул­дашууга кол коюшкан.

Экономикасы. Исландия – дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкө­лөрдүн бири. ИДПнин өлчөмү 11,89 млрд дол­лар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 39,4 миң доллардан туура келет. Экономикасы­нын негизин балык кармоо ж-а андан азык даярдоо, электр-энергетика ж-а анын базасын­да өнүп чыккан энергия сыйымдуу алюминий өндүрүшү, ошондой эле тейлөө чөйрөсү (негизинен чет элдик туризм, финансы сектору) түзөт. ИДПде­ги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 69%, өнөр жайы м-н ку­рулуштуку 24,7%, айыл чарбасы м-н балыкчылыктыкы 6,2% (2005).
Өнөр жайынын башкы тармактарынын бири – энер­гетика ж-а жылуулук м-н камсыз кылуу (ИДПнин 3,6%и). Исландия «шаркыратмалар ж-а гейзерлер өлкөсү» болгондуктан, гидро ­ж-а геотермалдык энергия ресурстарына кыйла бай. Калыбына келүүчү энергия (ККЭ) булагынын негизинде уникалдуу энергетика системасы түзүлгөн. Жы­луулук-энергетика балансында ККЭнин үлүшү 72% (анын 17%и гидроэнергия, 55%и геотер­малдык энергия); энергия ресурсуна болгон мук­таждыгынын 28%ин импорттун эсебинен толук­тайт. 2006-жылы 8,68 млрд кВт.с электр энергия­сы өндүрүлгөн, анын 80,8%и ГЭСке, 19,1%и гео­термалдык электр станцияларга (ГеоЖЭС) туу­ра келет. Өлкөдө кубаттуу­лугу 210 МВтга жеткен 5 ГеоЖЭС иштейт. Геотер­малдык суулары негизинен шаарларды жылуулук м-н камсыз кылууда (анын ичинде үй жылытуу, тротуардагы кар­музду кетирүү), сүзүү бас­сейндерин толтурууда, кү­нөс кана чарбаларында ж. б. пайдаланылат. Исландия электр энергиясын киши башына бөлүштүргөндө (29,3 миң кВт.с) дүйнөдө 1- орунда турат. Келечекте өлкөнүн экономикасын ка­лыбына келүүчү энергия бу­лактарына (анын ичинде суутек оту­нуна) толук өткөрүү кара­лууда. Иштеп чыгуу өнөр жайы ИДПнин 12% ин түзөт . Алюминий өнөр жайы – өлкөдөгү маанилүү тармак; ал Исландиянын электр энергиясынын 51%ин пайдаланат, про­дукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Кара металлургия ферросилиций өндүрөт. Экономи­касынын маанилүү сектору – балык кармоо (ИДПнин 4,8%и) ж-а аны кайра иштетип чыга­руу (2%). Исландия – балык кармоо ж-а анын продук­циясын экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. 2006-жылы 1,4 млн т балык ж-а балык продуктулары кармалган, анын 2/3 ден ашыгы путассу, мойва, треска, сельдь ж. б. Ба­лык уулоочу 1692 кемеси бар. Ири порттору: Нескёйпстадюр, Вестманнаэйяр, Эскифьордюр, Гриндавик, Рейкьявик ж. б. Балыкты кайра иштетүүчү ишканалары – балык комбинатта­ры, муздаткычтар, консерва заводдору ж. б. деңиз жээктей жайгашкан. Продукциясынын басым­дуу бөлүгү (тоңдурулган балык филеси, туздал­ган ж-а кургатылган балык, балык уну ж-а майы) экспорттолот. Балык өнөр жайынын муктаж­дыгын канааттандырууга багытталган кеме ку­руу ж-а аны ремонттоо өнөр жайы, деңиз продукту­ларын кармоо ж-а кайра иштетүүчү, жогорку технологиядагы жабдуу (деңиз толкунунда так иштөөчү тараза ж. б.) чыгаруучу заводдор бар.

«Nesjaveltir» геотермалдык электр станциясы.


Исландия акчасы.

Негизги борборлору: Рейкьявик, Акюрейри, Иса­фьордюр.
ИДПнин 1,4%ин айыл чарбасы түзөт. Эт, сүт продукту­ларына, жумурткага, ошондой эле жашылчага болгон ички муктаждыгын өзү канааттандырып, бир бөлүгүн Гренландия м-н Фарер аралдарына сатат. Эт, ­жүн багытындагы кой ж-а сүт багытындагы мал чарбасы өнүккөн. 2006-жылы 455,7 миң кой, 68,7 миң уй, 75,6 миң жылкы (исланд мукур жыл­кысы; туризмде кеңири пайдаланылат), 166,2 миң үй кушу болгон. Айыл чарбага жарактуу жери өлкөнүн аймагынын 22%ин ээлейт (2,2 млн га); айдоо жерлери негизинен тоют өсүмдүктөрүн (чөп, арпа, картөшкө, тоют чамгыры) өстүрүүгө эле шалбаа ж-а жайыт катары пайдаланылат. Күнөскана чарбасы өнүгүүдө; жылуу булактар­дын суусу м-н ысытылган күнөсканаларда жа­шылча, гүл ж. б. өстүрүлөт. 2005-жылы 9,73 миң т дан эгин, 7,25 миң т картөшкө, 1,51 миң т по­мидор, 1,5 миң т бадыраң, 0,42 миң т сабиз, 0,39 миң т капуста жыйналган.
Чет элдик туризм (негизинен экологиялык) өнүгүүдө. Туристтерди негизинен аралдын өзгөчө ланд­шафты (катып калган жанартоо лавалары «ай пейзажын» элестетет), тоолору ж-а фьорддору, жанартоолору ж-а гейзерлери, шаркыратмала­ры, ачык асман астындагы термалдык суу бас­сейндери ж. б. өзүнө тартат. 2006-жылы Исландияга 422 миң турист (анын 25%и Скандинавия өлкөлөрү­нөн, 16%и Улуу Британиядан, 13%тен ашыгы АКШдан, 9%тен ашыгы Германиядан) келген.
Транспорттун негизги түрлөрү – деңиз, авто­мобиль ж-а аба жолдору. Темир жолу жок. Автомо-

Исландиядагы ферма.

биль жолунун узундугу 13,1 миң км (2006). Өлкөдөгү 11 аэропорттун 4ү эл аралык аэропорт. Сырт­кы соодасынын көлөмү 10,07 млрд доллар (2005), анын 3,62 млрд доллары экспортко, 6,45 млрд доллары импортко таандык. Экспортко негизи­нен деңиз продуктулары (тоңдурулган балык филеси, жаңы кармалган, туздалган ж-а курга­тылган, тоңдурулган балык, балык уну ж-а майы, тоңдурулган креветка ж. б.), өнөр жай товарлары (негизинен алюминий, ферросили­ций), кеме, айыл чарба продукциялары ж. б. чыгары­лып, импортко өндүрүштүк продукция, сырьё, өнөр жай курулуш үчүн продукция, транспорт кара­жаттарын (автомобиль, кеме), нефть продукту­ларын алат. Экспорттун 75%и, импорттун 65%и Европа Союзунун өлкөлөрүнө туура келет. Ири соода шериктери: Германия, АКШ, Нидерланд, Улуу Британия, Норвегия, Дания, Швеция, Япо­ния, Испания.

Маданияты. Исландияда алгачкы мектеп Хоулар­дагы епископтордун резиденциясында уюшул­ган. 1784-жылы Скаульхолттогу мектеп Рейкьвик шаарына көчүрүлгөн. Орто кылымдарда агартуучулук иштерин негизинен монастырлар жүргүзгөн. Учурдагы билим берүү системасы мектепке че­йинки тарбия (1994), милдеттүү окутуу (1995), толук орто билим (1996), университеттер (1997) жөнүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат. Мектепке че­йинки тарбия үчүн акы төлөнөт. Бардык дең­гээлдеги окуу жайларында окутуу акысыз. Мамлекеттик окуу жайлары басымдуу. Кесиптик би­лим берүү 10 жылдык мектептин базасында кесиптик окуу жайларында, төрт жылдык кол­ледждерде жана кесиптик мектептерде жүргүзү­лөт. Эң алгачкы колледж Рейкьявик шаарында 1846-жылы негизделген.
Мамлекеттик жогорку окуу жайлары Хоулардагы университеттик кол­ледж (1882), Боргарнес шаарындагы айыл чарба университети (1889; 2005-жылдан университет), Рейкьявиктеги изил­дөө университети (1911) – ири билим берүү жана илим борбору – 20дан ашуун илим-изилдөө институттарын, анын ичинен Арни Магнуссон институтун (1972; байыркы исландия адабиятын изилдейт, курамында Манускрипт музейи бар) камтыйт, Акюрейри шаарындагы университет (1987) жана башкалар. Менчик жогорку окуу жайлары Боргарнес шаарындагы университет (1918, 1988-жылдан университет), Рейкьявик университети (1998), Исландия искусство академиясы (1999) жана башкалар. Илимий мекемелери: Исландия илимдер жана адабият академиясы (1918), Исландия изилдөө кеңеши (1994; деңиз, технологиясы, айыл чарба, балык индустриясы, курулуш илим-изилдөө институттарын бириктирет).
Рейкьявикте улуттук жана университет китепканасы (1994), шаардык (1993) китепкана, улуттук архив (1882), улуттук музей (1863), улуттук галерея (1884) Хусавик шаарында Каттер музейи жана башкалар бар.
Күн сайын 5, апта сайын 5 гезит чыгарылат (2007), анын ичинен «Моргунбладид» (1913-жылы негиздел­ген), Дагбладид-вишир, «Фреттабладид» (2003) жана башкалар бар. Мамлекеттик, менчик телеканалдар, бир нече коммерциялык жана спутниктик каналдар, ра­дио берүүлөр иш жүргүзөт. Мамлекеттик радиостанция 1930-жылдан, улуттук телекөрсөтүү 1966-жыл­дан иштейт.
Байыркы Скандинавия фольклорунун сал­тында өнүккөн Исландиянын адабий мурастары XIII кылым­дан белгилүү. Айрыкча алардын сагалары (баа­тырдык баяндар) дүйнөлүк адабиятка зор салым кошкон (мисалы, «Ньял жөнүндө сага», «Эгил жөнүндө сага» жана башкалар). Снорри Стурлусондун (1178– 1241) «Кенже Эдда» мифтик трактаты, Стурла Тордарсондун сагалары, Х. Пьетурссондун (1614–1674) псальмалары – Исландия адабиятынын мык­ты үлгүлөрүнөн. XVIII кылымда Исландия сөз өнөрүнө европа адабиятынын күчтүү таасири тийген.

И. Стефаунссон. «Жайкы түн». 1929. Улуттук гале­рея. Рейкьявик.

XIX кылымда Исландия адабиятын­да кайра жандануу мезгили болгон. Бул учур­дун көрүнүктүү акындары: Й. Хальгримссон, Б. Тораренсен. XIX кылымдын ортосунда биринчи ис­ланд романы (Й. Тородсен, «Кыз-жигит») жана исланд пьесасы (М. Йохумссон, «Скуга Свейди», 1864) пайда болуп, XX кылымда Исландия адабиятынын көрү­нүктүү өкүлү Хальдор Кильян Лакснесстин (1902–1998) (Нобель сыйлыгынын лауреаты, 1955), Гун­нар Гуннарсондун, кийинки авторлордон модер­нист Т. Вильхьяульмссондун, Э. Каурасондун, акын жана прозаик Э. М. Гвюдмундссондун чы­гармалары белгилүү.
Эзелки исланддар жер кепе өңдүү узун там­дарда жашаса, XIX кылымда калай капталган, 2–3 ка­бат жыгач тамдар курула баштаган. 1920-жылдардан Исландия архитектурасына азыркы форма, кон­струкция, композиция, ыңгайлуулук киргизи­лип, 4–5 кабат тамдар, өнөр жай курулуштары ку­рулган (архитекторлор С. Гудмундссон, Г. Самуэльссон жана башкалар). Исландия элине жыгачка оюу түшүрүү, сайма, тордоо өнөрү айрыкча мүнөздүү. Исландияда музыка эзелтен болгонун элдик эпостогу насаат ырлар айгинелеп турат. Христиан дини менен кошо про­тестанттык хоралдар киргизилип, ырлар неги­зинен музыкалык аспапсыз эле аткарылган. Негизги музыкалык аспаптары – лангшпиль, скрипка. Профес­сионал музыка XIX кылымдын акырынан калыптана баштаган. Ага негиз салуучулардын бири – улут­тук гимндин автору, композитор С. Свейнбьёрнссон. XX кылымда композиторлор чыгармачылыгында азыркы музыкалык тех­никаны пайдаланып, фольклордук негизде улут­тук музыканы түзүүгө аракеттенишкен. Белгилүү композиторлору: П. Исоульфссон, Й. Лейфс, Й. Нор­даль жана башкалар. Й. Аусгейрссон биринчи исланд опе­расын («Трималык кыз», 1974) жазган. Рейкь­явикте улуттук симфониялык оркестр (1950), улуттук театр (1950), Исландия операсы (1950) жана музыкалык мектеп­тер бар. Эл аралык искусство фестивалы өткөрүлүп турат (1970-жылдан).
Исландиянын байыркы сагаларында театр өнөрүнүн элементтери болгон. Алгачкы театр оюндарын (1720-жылдан) Скаульхольттогу латын мек­теби койгон. Ал 1799-жылы Рейкьявикке көчүрү­лүп, театр турмушунун жалгыз очогу болгон. Студенттер биринчи исланд драматургу С. Пье­турссондун комедияларын коюшкан. 1860-жыл­дарда борбордо театр ышкыбоздорунун ийрим­дери уюшулган. Профессионал театрдын калып­танышына жол ачкан туңгуч театр коому Рейкьявикте 1897-жылы түзүлгөн. Анын базасында 1950-жылы Рейкьявикте улуттук театр ачылгандан кийин өнүгүүнүн жаңы доору башталган жана ошол күндөн улуттук жана шаардык театрлардын сах­насында жыл сайын жаңы спектаклдер коюлуп турат.
Биринчи толук метраждуу кино 1919-жылы тар­тылган. 1930-жылдарда хроникалуу-даректүү жана кыска метраждуу тасмаларды агартуу жолго коюлган. Биринчи толук метраждуу көркөм тасма – «Мооно менен Гвендурдун жоруктары» (1923). Кийин тартылган тасмалардын арасы­нан Г. Акселдин «Кызыл мантия» (1967) тасмасы өзгөчөлөнүп турат. 1970-жылдарда мамле­кет кино өндүрүшүн камкордукка алгандан кино, кино өнөрү ургаал өнүгүүдө.


Ад.: Серебрянный Л. Р. Исландия: страна – люди хо­зяйство. М., 1974; Стеблин-Каменский М. И. Культура Исландии. М., 1984; Мир Саги. Становление литературы. Л., 1984. Деловая Исландия: Экономика и связи с Россией в 2001–2003 гг. М., 2003; Хьяульмарссон Й. Р. История Исландии. М., 2003; Исландия // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.

Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.