ИСЛАНДИЯ (мамлекет)
ИСЛА́НДИЯ , И с л а н д и я Р е с п у б л и к а с ы – Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Исландия аралындагы мамлекет .

Түндүгүнөн Гренланд, чыгышынан Норвег деңиздери м-н чулганып, батышындагы Дания кысыгы Исландияны Гренландиядан бөлүп турат. Аянты 103 миң км2. Калкы 312,9 миң (2007). Борбору – Рейкьявик шаары. Расмий тили – исланд тили. Акча бирдиги – Исландия кронасы. Административдик-аймактык жактан 23 облуска (сислага) бөлүнүп, алар Исландия статистикасында 8 регионго биригет (к. таблицаны).
Таблица
Мамлекеттик түзүлүшү. Исландия – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Азыркы конституциясы 1944-жылы 17-июндан күчүндө. Мамлекет башчысы – президент (35 жаштан жогору Исландия жараны төрт жылдык мөөнөткө шайлана алат). Анын бийлиги бир кыйла чектелген. Исландия өкмөтү башында премьер-министр турган министрлер кабинетинен турат.
Өкмөт парламент (альтинг) алдында жоопкер, бирок министрлерди президент дайындайт ж-а кызматтан кетирет. Мыйзам чыгаруу бийлиги 63 депутаттан турган альтингге таандык. Ал 1991-жылга чейин жогорку ж-а төмөнкү палатадан турган, учурда бир гана палаталуу. Конституцияга толуктоолор ж-а өзгөртүүлөр парламент аркылуу киргизилет. Саясий партиялары: Көз каранды эместик партиясы, Прогрессивдүү партия, Либералдык партия, Социал-демократиялык альянс, Жашылдар ж-а солчулдар альянсы.
Исландия – БУУнун (1946), НАТОнун (1949), Европа Советинин (1950), Түндүк Советтин (1952), ЕККУнун (1973), Экономикалык кызматташуу ж-а өнүгүү уюмунун (1961), Европа эркин соода ассоциациясынын (1970), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Табияты. Аралдын рельефинде базальт м-н капталган жанартоо платолору (бийиктиги 400– 800 м) басымдуу; платолордо көп сандаган жанартоолор (Гекла, Лаки, Аскья ж. б.) жайгашкан. Түндүк-батыш, түндүк ж-а чыгыш жээктери аскалуу, булуң-буйткалуу – фьорддуу; аралдуу түштүк-батыш ж-а түштүк жээктери – кумдуу, жайык. Жер титирөө тез-тез болуп турат; 200дөй жанартоо бар, анын 26сы – аракеттеги жанартоо, эң активдүүсү – Гекла. Ысык булактар –

гейзерлер (250дөн ашык) бар. Исландиянын эң бийик жери – 2119 м (Хваннадальсхнукюр чокусу). Климаты субарктикалык деңиздик. Январдын орточо температурасы жээктеринде 0°С, тоолордо 10°Сге чейин, июлдуку жээктерде 11°Сден тоолордо 0°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–2000 мм, мөңгү жаткан жерлерде 4000 ммге чейин. Мөң-

гүлөрүнүн жалпы аянты 11,8 миң км2 (ирилери – Ватнайёкюдль, Лаунгйёкюдль, Хофсиё- кюдль). Мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда босоголор м-н шаркыратмалар көп; гидроэнергияга бай. Көлдөр көп. Тоо тундра, чым көңдүү саз,


кылкандуу шалбаа өсүмдүктөрү, кайың токоюнун чакан массивдери (аймагынын 0,02%ин) ээлейт; көп жеринде өсүмдүк өспөйт. Жээк суулары балыкка бай. Исландияда 85 аймак коргоого алынган (өлкөнүн аянтынын 12%), андагы Тингведлир улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Калкынын 93%тен ашыгы исланддар; калгандарын негизинен 1990–2006-жылдарда Борбордук ж-а Чыгыш Европадан (поляктар, латыштар, эстондор, мурдагы Югославия өлкөлөрүнөн келгендер), ошондой эле Чыгыш ж-а Түштүк-Чыгыш Азиядан (филиппиндер, тайвандыктар) келгендер. Бала төрөлүү боюнча Европада Ирландиядан кийин 2-орунда (1000 кишиге 14,3 бала), өлүм-житим аз (1000 кишиге 6,2 адам). Исландия Европадагы жаш курактагы калкы басымдуу өлкө; орточо жашы 35,9 жаш (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын 21,8%ин, 65 жаш ж-а андан кары курактагылар 11,7%ин (европалык орточо көрсөткүчтөн кыйла төмөн), эмгек курагындагылар (15–64) 66,5%ин түзөт. Калктын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 80,7 жаш (эркектердики 79,2, аялдардыкы 83,1 жаш). Калктын орточо жыштыгы: 1 км жерге 3,1 киши. Калктын 4/5 ү шаарда, анын 1/2 инен
ашыгы борбордук агломерацияда жашайт. Экономикалык активдүү калктын 71,8%и тейлөө чөйрөсүндө, 18,7%и өнөр жайында, курулушта, электр ж-а жылуулук м-н камсыз кылууда, 6,1%и балык кармоодо ж-а аны иштеп чыгарууда, 3,4%и айыл


чарбасында эмгектенет. Ири шаарлары: Рейкьявик (калкы 117 миң; 2008), Коупавогюр (28,5 миң), Хабнарфьордюр (25 миң), Гардабайр (9,7 миң), Сельтьяднарнес (4,4 миң), Акюрейри (16,7 миң), Кеблавик (8,3 миң), Сельфосс (6,4 миң) ж. б.
Тарыхы. Исландиянын аймагында адам (негизинен норвегиялык колониячылар) 870-жылдан жашай баштаган. Исланддар 875-жылы Гренландияны ачып, 982-жылы аралга түшүшкөн, 1000-жыл ченде Түндүк Америкага жеткен. 1000-жылы Исландия элдик чогулушу – альтинг христиан динин кабыл алган. Ак сөөктөрдүн ич ара чыр-чатагынан пайдаланып, 1262–64-жылдарда Исландияны Норвегия королу басып алган. 1380-жылы Исландия (Норвегия м-н бирге) Дания униясына, 1397-жылдан Кальмар униясына кирүүгө аргасыз болгон. Норвегия королдук статустан ажырагандан кийин (1537), Исландияны Дания өкмөтү башкарган. 1814-жылы Исландия Дания монархиясынын курамына киргизилген. Исландияда 19- кылымдын 20–30-жылдарында алгачкы майда өнөр жай ишканалары курулган. Исландия интеллигенциясы улуттук-боштондук кыймылына жетекчилик кылган. Кыймылдын күчөшүнөн улам Дания 1874-жылы Исландияга ички иштери жагынан чектелген (1903-жылы кеңейтилген) автономия берген. 1896-жылы Исландиянын биринчи профсоюзу, 1893-жылы алгачкы саясий партиясы (Көз карандысыздык партиясы) негизделген. 1918-жылы 30-ноябрда Дания м-н Исландиянын жекече униясы жөнүндө келишим түзүлүп, Дания королу башкарган королдук болуп, Исландиянын бейтараптыгы жарыяланган. 1920-жылы 18-майда Исландиянын конституциясы кабыл алынган. 2- дүйнөлүк согушта (1939–45) Исландияга англиялык аскерлер (1940, май) түшүрүлүп, 1941-жылы «Исландияны согуш убагында коргоо» жөнүндө АКШ өкмөтү м-н түзүлгөн келишимге ылайык америкалык аскерлер м-н алмаштырылган. 1943-жылы декабрда Дания-Исландия униясынын мөөнөтү аяктаган. 1944-жылы 20–23-майда өткөрүлгөн референдумда Исландия калкы унияны бузуу ж-а республиканын жарыяланышы үчүн добуш берип, 16-июнда альтинг жаңы конституция кабыл алган ж-а 17-июнда Исландияны республика деп жарыялаган. Исландия Маршаллдын планына (1948), НАТОго (1949) кирген. 1970–90- жылдарда оңчул центристтик ж-а солчул центристтик өкмөттөр бири бирин алмаштырып турган. 1978–79-жылдарда О. Йоуханнесондун солчул центристтик өкмөтү (Прогрессчил партия, Элдик союз, Эркин ойлоочулар ж-а солчулдар союзу)

улуттук экономиканы өнүктүрүү, калктын турмушун жакшыртуу багытында бир топ чараларды жүзөгө ашырган. 2003-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Көз каранды эместик партиясы м-н Социал-демократиялык альянс партиясы Гейра Хаард жетектеген коалициялык өкмөт түзүлгөн. 2006-жылы АКШ ж-а Исландия Кеблавиктеги америкалык согуштук базаны Исландия өкмөтүнө өткөрүп берүү ж-дөгү макулдашууга кол коюшкан.
Экономикасы. Исландия – дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин өлчөмү 11,89 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 39,4 миң доллардан туура келет. Экономикасынын негизин балык кармоо ж-а андан азык даярдоо, электр-энергетика ж-а анын базасында өнүп чыккан энергия сыйымдуу алюминий өндүрүшү, ошондой эле тейлөө чөйрөсү (негизинен чет элдик туризм, финансы сектору) түзөт. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 69%, өнөр жайы м-н курулуштуку 24,7%, айыл чарбасы м-н балыкчылыктыкы 6,2% (2005).
Өнөр жайынын башкы тармактарынын бири – энергетика ж-а жылуулук м-н камсыз кылуу (ИДПнин 3,6%и). Исландия «шаркыратмалар ж-а гейзерлер өлкөсү» болгондуктан, гидро ж-а геотермалдык энергия ресурстарына кыйла бай. Калыбына келүүчү энергия (ККЭ) булагынын негизинде уникалдуу энергетика системасы түзүлгөн. Жылуулук-энергетика балансында ККЭнин үлүшү 72% (анын 17%и гидроэнергия, 55%и геотермалдык энергия); энергия ресурсуна болгон муктаждыгынын 28%ин импорттун эсебинен толуктайт. 2006-жылы 8,68 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 80,8%и ГЭСке, 19,1%и геотермалдык электр станцияларга (ГеоЖЭС) туура келет. Өлкөдө кубаттуулугу 210 МВтга жеткен 5 ГеоЖЭС иштейт. Геотермалдык суулары негизинен шаарларды жылуулук м-н камсыз кылууда (анын ичинде үй жылытуу, тротуардагы кармузду кетирүү), сүзүү бассейндерин толтурууда, күнөс кана чарбаларында ж. б. пайдаланылат. Исландия электр энергиясын киши башына бөлүштүргөндө (29,3 миң кВт.с) дүйнөдө 1- орунда турат. Келечекте өлкөнүн экономикасын калыбына келүүчү энергия булактарына (а. и. суутек отунуна) толук өткөрүү каралууда. Иштеп чыгуу ө. ж. И ДПни н 12% и н т үзө т . Алюминий ө. ж. – өлкөдөгү маанилүү тармак; ал И-нын
электр энергиясынын 51%ин пайдаланат, продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Кара металлургия ферросилиций өндүрөт. Экономикасынын маанилүү сектору – балык кармоо (ИДПнин 4,8%и) ж-а аны кайра иштетип чыгаруу (2%). И. – балык кармоо ж-а анын продукциясын экспорттоо б-ча дүйнөдөгү алдыңкы
өлкөлөрдүн бири. 2006-ж. 1,4 млн т балык ж-а балык продуктулары кармалган, анын 2/ ден ашыгы путассу, мойва, треска, сельдь ж. б. Балык уулоочу 1692 кемеси бар. Ири порттору: Нескёйпстадюр, Вестманнаэйяр, Эскифьордюр, Гриндавик, Рейкьявик ж. б. Балыкты кайра иштетүүчү ишканалары – балык комбинаттары, муздаткычтар, консерва з-ддору ж. б. деңиз жээктей жайгашкан. Продукциясынын басымдуу бөлүгү (тоңдурулган балык филеси, туздалган ж-а кургатылган балык, балык уну ж-а майы) экспорттолот. Балык ө. ж-нын муктаждыгын канааттандырууга багытталган кеме куруу ж-а аны ремонттоо ө. ж., деңиз продуктуларын кармоо ж-а кайра иштетүүчү, жогорку технологиядагы жабдуу (деңиз толкунунда так иштөөчү тараза ж. б.) чыгаруучу з-ддор бар.


Негизги борборлору: Рейкьявик, Акюрейри, Исафьордюр.
ИДПнин 1,4%ин а. ч. түзөт. Эт, сүт продуктуларына, жумурткага, о. эле жашылчага болгон ички муктаждыгын өзү канааттандырып, бир бөлүгүн Гренландия м-н Фарер а-на сатат. Этжүн багытындагы кой ж-а сүт багытындагы мал
чарбасы өнүккөн. 2006-ж. 455,7 миң кой, 68,7
миң уй, 75,6 миң жылкы (исланд мукур жылкысы; туризмде кеңири пайдаланылат), 166,2 миң үй кушу болгон. А. ч-га жарактуу жери
өлкөнүн аймагынын 22%ин ээлейт (2,2 млн га);
айдоо жерлери негизинен тоют өсүмдүктөрүн (чөп, арпа, картөшкө, тоют чамгыры) өстүрүүгө эле шалбаа ж-а жайыт катары пайдаланылат. Күнөскана чарбасы өнүгүүдө; жылуу булактардын суусу м-н ысытылган күнөсканаларда жашылча, гүл ж. б. өстүрүлөт. 2005-ж. 9,73 миң т дан эгин, 7,25 миң т картөшкө, 1,51 миң т помидор, 1,5 миң т бадыраң, 0,42 миң т сабиз, 0,39 миң т капуста жыйналган.
Чет элдик туризм (негизинен экол.) өнүгүүдө. Туристтерди негизинен аралдын өзгөчө ландшафты (катып калган жанартоо лавалары «ай пейзажын» элестетет), тоолору ж-а фьорддору, жанартоолору ж-а гейзерлери, шаркыратмалары, ачык асман астындагы термалдык суу бассейндери ж. б. өзүнө тартат. 2006-ж. И-га 422 миң турист (анын 25%и Скандинавия өлкөлөрүнөн, 16%и Улуу Британиядан, 13%тен ашыгы АКШдан, 9%тен ашыгы Германиядан) келген.
Транспорттун негизги түрлөрү – деңиз, автомобиль ж-а аба жолдору. Т. ж. жок. Автомо-

биль жолунун уз. 13,1 миң км (2006). Өлкөдөгү 11 аэропорттун 4ү эл аралык аэропорт. Сырткы соодасынын көлөмү 10,07 млрд доллар (2005), анын 3,62 млрд доллары экспортко, 6,45 млрд доллары импортко таандык. Экспортко негизинен деңиз продуктулары (тоңдурулган балык филеси, жаңы кармалган, туздалган ж-а кургатылган, тоңдурулган балык, балык уну ж-а майы, тоңдурулган креветка ж. б.), ө. ж. товарлары (негизинен алюминий, ферросилиций), кеме, а. ч. продукциялары ж. б. чыгарылып, импортко өндүрүштүк продукция, сырьё, ө. ж. курулуш үчүн продукция, транспорт каражаттарын (автомобиль, кеме), нефть продуктуларын алат. Экспорттун 75%и, импорттун 65%и Европа Союзунун өлкөлөрүнө туура келет. Ири соода шериктери: Германия, АКШ, Нидерланд, Улуу Британия, Норвегия, Дания, Швеция, Япония, Испания.
Маданияты
. Исландияда алгачкы мектеп Хоулардагы епископтордун резиденциясында уюшулган. 1784-жылы Скаульхолттогу мектеп Рейкьвик шаарына көчүрүлгөн. Орто кылымдарда агартуучулук иштерин негизинен монастырлар жүргүзгөн. Учурдагы билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия (1994), милдеттүү окутуу (1995), толук орто билим (1996), университеттер (1997) жөнүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат. Мектепке чейинки тарбия үчүн акы төлөнөт. Бардык деңгээлдеги окуу жайларында окутуу акысыз. Мамлекеттик окуу жайлары басымдуу. Кесиптик билим берүү 10 жылдык мектептин базасында кесиптик окуу жайларында, төрт жылдык колледждерде жана кесиптик мектептерде жүргүзүлөт. Эң алгачкы коллеж Рейкьявик шаарында 1846-жылы негизделген.
Мамлекеттик жогорку окуу жайлары Хоулардагы университеттик коллеж (1882), Боргарнес шаарындагы Айыл чарба университети (1889; 2005-жылдан университет), Рейкьявиктеги Изилдөө университети (1911) – ири билим берүү жана илим борбору – 20дан ашуун илим-изилдөө институттарын, анын ичинен Арни Магнуссон институтун (1972; байыркы исландия адабиятын изилдейт, курамында Манускрипт музейи бар) камтыйт, Акюрейри шаарындагы университет (1987) жана башкалар. Менчик жогорку окуу жайлары Боргарнес шаарындагы университет (1918, 1988-жылдан университет), Рейкьявик университети (1998), Исландия искусство академиясы (1999) жана башкалар. Илимий мекемелери: Исландия илимдер жана адабият академиясы (1918), Исландия изилдөө кеңеши (1994; деңиз, технологиясы., айыл чарба, балык индустриясы, курулуш илим-изилдөө институттарын бириктирет).
Рейкьявикте Улуттук жана университет китепканасы (1994), шаардык (1993) китепкана, Улуттук архив (1882), Улуттук музей (1863), Улуттук галерея (1884) Хусавик шаарында Каттер музейи жана башкалар бар.
Күн сайын 5, апта сайын 5 гезит чыгарылат (2007), анын ичинен «Моргунбладид» (1913-жылы негизделген), Дагбладид-вишир, «Фреттабладид» (2003) жана башкалар бар. Мамлекеттик, менчик телеканалдар, бир нече коммерциялык жана спутниктик каналдар, радио берүүлөр иш жүргүзөт. Мамлекеттик радиостанция 1930-жылдан, улуттук телекөрсөтүү 1966-жылдан иштейт.
Байыркы Скандинавия фольклорунун салтында өнүккөн Исландиянын адабий мурастары XIII кылымдан белгилүү. Айрыкча алардын сагалары (баатырдык баяндар) дүйнөлүк ад-тка зор салым кошкон (мисалы, «Ньял жөнүндө сага», «Эгил жөнүндө сага» жана башкалар). Снорри Стурлусондун (1178– 1241) «Кенже Эдда» мифтик трактаты, Стурла Тордарсондун сагалары, Х. Пьетурссондун (1614–1674) псальмалары» – Исландия адабиятынын мыкты үлгүлөрүнөн. XVIII кылымда Исландия сөз өнөрүнө европа адабиятынын күчтүү таасири тийген.

XIX кылымда Исландия адабиятында кайра жандануу мезгили болгон. Бул учурдун көрүнүктүү акындары: Й. Хальгримссон, Б. Тораренсен. XIX кылымдын ортосунда биринчи исланд романы (Й. Тородсен, «Кыз-жигит») жана исланд пьесасы (М. Йохумссон, «Скуга Свейди», 1864) пайда болуп, XX кылымда Исландия адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Хальдор Кильян Лакснесстин (1902–1998) (Нобель сыйлыгынын лауреаты, 1955), Гуннар Гуннарсондун, кийинки авторлордон модернист Т. Вильхьяульмссондун, Э. Каурасондун, акын жана прозаик Э. М. Гвюдмундссондун чыгармалары белгилүү.
Эзелки исланддар жер кепе өңдүү узун тамдарда жашаса, XIX кылымда калай капталган, 2–3 кабат жыгач тамдар курула баштаган. 1920-жылдардан Исландия архитектурасына азыркы форма, конструкция, композиция, ыңгайлуулук киргизилип, 4–5 кабат тамдар, өнөр жай курулуштары курулган (архитекторлор С. Гудмундссон, Г. Самуэльссон жана башкалар).Исландия элине жыгачка оюу түшүрүү, сайма, тордоо өнөрү айрыкча мүнөздүү. Исландияда музыка эзелтен болгонун элдик эпостогу насаат ырлар айгинелеп турат. Христиан дини менен кошо протестанттык хоралдар киргизилип, ырлар негизинен музыкалык аспапсыз эле аткарылган. Негизги музыкалык аспаптары – лангшпиль, скрипка. Профессионал музыка XIX кылымдын акырынан калыптана баштаган. Ага негиз салуучулардын бири – улуттук гимндин автору, композитор С. Свейнбьёрнссон. XX кылымда композиторлор чыгармачылыгында азыркы музыкалык техниканы пайдаланып, фольклордук негизде улуттук музыканы түзүүгө аракеттенишкен. Белгилүү композиторлору: П. Исоульфссон, Й. Лейфс, Й. Нордаль жана башкалар. Й. Аусгейрссон биринчи исланд операсын («Трималык кыз», 1974) жазган. Рейкьявикте Улуттук симфониялык оркестр (1950), Улуттук театр (1950), Исландия операсы (1950) жана музыкалык мектептер бар. Эл аралык искусство фестивалы өткөрүлүп турат (1970-жылдан).
Исландиянын байыркы сагаларында театр өнөрүнүн элементтери болгон. Алгачкы театр оюндарын (1720-жылдан) Скаульхольттогу латын мектеби койгон. Ал 1799-жылы Рейкьявикке көчүрүлүп, театр турмушунун жалгыз очогу болгон. Студенттер биринчи исланд драматургу С. Пьетурссондун комедияларын коюшкан. 1860-жылдарда борбордо театр ышкыбоздорунун ийримдери уюшулган. Профессионал театрдын калыптанышына жол ачкан туңгуч театр коому Рейкьявикте 1897-жылы түзүлгөн. Анын базасында 1950-жылы Рейкьявикте Улуттук театр ачылгандан кийин өнүгүүнүн жаңы доору башталган жана ошол күндөн Улуттук жана шаардык театрлардын сахнасында жыл сайын жаңы спектаклдер коюлуп турат.
Биринчи толук метраждуу кино 1919-жылы тартылган. 1930-жылдарда хроникалуу-даректүү жана кыска метраждуу тасмаларды агартуу жолго коюлган. Биринчи толук метраждуу көркөм тасма – «Мооно менен Гвендурдун жоруктары» (1923). Кийин тартылган тасмалардын арасынан Г. Акселдин «Кызыл мантия» (1967) тасмасы өзгөчөлөнүп турат. 1970-жылдарда мамлекет кино өндүрүшүн камкордукка алгандан кино, кино өнөрү ургаал өнүгүүдө.
Ад.: Серебрянный Л. Р. Исландия: страна – люди хозяйство. М., 1974; Стеблин-Каменский М. И. Культура Исландии. М., 1984; Мир Саги. Становление литературы. Л., 1984. Деловая Исландия: Экономика и связи с Россией в 2001–2003 гг. М., 2003; Хьяульмарссон Й. Р. История Исландии. М., 2003; Исландия // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев,
А. Кубатова.