КАЛЫК Акыев
КАЛЫК Акыев [1883, Нарын облусу, Жумгал району, Кулжыгач (азыркы Түгөл-Сай айылы) – 3. 11. 1953, Фрунзе] – төкмө акын, Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Калык ырчы катары 18–19 жашында таанылган. Буга чейин эле ал айыл арасында элдик ырларды ырдап жүргөн.

«Жокчулук» аттуу туңгуч ырында «жалдыратып байларга жалчы кылган, бүтүн жанды кемитип жарты кылган» теңсиздик коомду, падыша бийлигинин адилетсиздигин ачык көрсөткөн. Октябрь революциясына чейинки кедейлердин турмушу «Жер кепеде өткөн күн», «Саламдашуу», «Чыйбылдын үйүндө» жана башка ырларында айтылат. Калыктын революцияга чейинки ырлары менен айтыштарынын көбү убагында кагазга түшүрүлбөй калган. Анын ырчылык өнөрүнүн жетилишине Токтогулдун таалими зор. Адегенде ал Калмырза, Эшмамбет, Жеңижок, Айдараалы өңдүү ырчылардан таалим алып, ырчылык өнөрүн өөрчүтсө, Токтогул анын талантын таптап, чындыкты таамай ырдоого, карапайым эл турмушун тартынбай айтууга багыт берген. Калык улуу акын менен бирге көп жүрүп, элдин муң-зары, кайгы-кубанычы жөнүндө бирге ырдашкан. Экөөнөн «Саламдашуу», «Карымшактыкындагы ыр», «Анжыян тарабында», «Коштошуу», «Бакачы дыйкан Кебекчи» дегендей белгилүү алым-сабак айтыштар калган.
Калык «Жакшы күтүп алалы», «Кытайдан кайткан туугандарга» (1918–1919) сыяктуу ырларында Октябрь революциясынын жеңишин, Совет бийлигинин орношун билдирген. 1919-жылы ырчы Жети-Суу облусунун туңгуч съездине делегат болуп катышып, жаңы заманды даңазалаган «Съезддеги куттуктоо» деген ырын ырдаган. 1926-жылы Калык Фрунзеде жаңы ачылган Кыргыз улуттук театрына артист болуп кирип, 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына которулуп, өмүрүнүн акырына чейин анда иштеген. Бул жылдары Калык кыргыздын эл шайырлары менен бирге жүрүп, республикадагы эмгек кайнаган жерлерде болуп, социалдык жаңылыктарды көрүп, маданий жана коомдук турмушка белсене катышкан. Мындай жагдайлар Калыктын 1930–1940-жылдардагы ырларынын тематикасын мурдагыга караганда алда канча кеңейткен, маанисин дагы тереңдеткен. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде ондогон патриоттук ырларды жараткан: «Панфилов баатырга», «Улуу жеңиш» (экөө тең 1936), «Өлбөс баатыр» (1940). «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Ырлар жыйнагы» (1943), «Тандалган ырлар» (1958) аттуу ыр жыйнактары жарыкка чыккан. «Баскан жол» (1964) мемуардык чыгармасынын илимий жана эстетикалык мааниси зор. Ал Токтогулдун ырларын жыйнап, бастырууга чоң эмгек жумшаган. Калык кыргыз элинин эпикалык чыгармаларынын дээрлик бүт баарын айткан. Анын айтуусунда «Жаныш-Байыш», «Курманбек» аттуу кенже эпостор жарык көрдү (1970). Андан «Карагул ботом», «Карач дөө», «Ак Мөөр», «Өмүр жана Болот», «Бир асыл» аттуу дастандар жазылып алынган. Ысмы туулуп-өскөн айылындагы мектепке, Бишкек шаарындагы К. Акыев атындагы көчөгө эстелиги тургузулду. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Ад.: Кебекова Б. Кыргыз эл ырчылары. Б., 1994;
Обозканов А. Калык Акы уулунун көп кырдуу өнөрканасы. Б., 2000; Төкмөлүктүн башаты – калыптануу
жана синкреттүү табияты. Б., 2006.
А. Обозканов.