КАПЧЫГАЙ ПАЛЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ»
КАПЧЫГАЙ ПАЛЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ» – төмөнкү палеолит дооруна таандык таш куралдар эстелиги. Кадамжай районундагы Марказ айылынан 20 км түштүк тарапта жайгашкан. Арпалык тоосунун капчыгайында таш курал жасоочу оттук таш тегинин катмары табылган. Мустье доорунда ушул жерден таш куралдарын жасашкан. 1956-жылы археолог П. Т. Конопля ачып, 1957–1959-жылдары П. Т. Конопля, В. А. Ранов, кийин А. П. Окладников изилдеген. 2001-жылдан археологдор А. П. Деревянко, А. Н. Зенин жетектеген россиялык-кыргызстандык палеолиттик топ изилдеп жатат.