КАПИТОЛИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:34, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИТО́ЛИЙ (латынча Capitolium, Capitolinus mоns) – 1) Байыркы Рим жайгашкан дөбөлөрдүн бири. Капитолий байыртан эле динге сыйынуучулардын борбору болгон. Мында Капитолий чиркөөсү жайгашып, сенат кеңешмелери, элдик чогулуштар өткө­рүлгөн. Капитолийдин түштүк-батышындагы жардуу жан­таймаларынан (Тарпей зоокалары) кылмышкер­лерди ыргытышкан; 2) Вашингтондогу Америка Кошмо Штаттарынын конгрессинин имараты. 1793–1865-жылдары салынган (архитекторлору – У. Торнтон, Б. Латроб, Т. Уолтер). Ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын борборлорунда жергиликтүү мый­зам чыгаруучу ассамблеялардын чогулуштары өтүүчү имараттар да Капитолий деп аталат.

Вашингтондогу Капитолийдин имараты.