КАПЕЛЛА
КАПЕ́ЛЛА (италянча cappella) – 1) католик же англикан чакан чиркөөсү: өзүнчө салынган кичирээк курулма же храмда бир үй-бүлө чокунуучу, реликвиялар жана башкалар сакталуучу жай; 2) диний хор (хор ырдалуучу чакан чиркөө же чиркөө бөлмөсүнүн атынан); аспапта ойноочулар коллективи. 18-кылымдан ырчылар жана аспапта ойноочулардан түзүлгөн аралашма ансамбль. Айрым капелланы композиторлор И. C. Бах– Й. Гайдн – М. Глинка –Н. Римский-Корсаков жана башкалар башкарган. Кыргызстаннда хор капелласын C. Юсупов– К. Алиев – Г. Маматова жана башкалар жетектеди.