КАП ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:47, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАП ҮҢКҮРҮ – Россиядагы Түштүк Уралдын ба­тыш капталындагы эң ири карст үңкүрү; табият, тарых жана маданият эстелиги. Шульганов (башка аты Гадельгареев) кыштагында, Ак (Белая) суусу­нун оң жээгинде. Үңкүр акиташ жанаа доломит тектеринин арасында пайда болуп, 14 м келген тик кудук аркылуу туташкан ири оюктардан жана кенен коридорлордон турат. Алар эки ярус­ка жайгашып, жалпы узундугу 2 кмден ашык. Ду­балга таш доорунун аягында тартылган сүрөттөр төмөнкү, үстүнкү ярустарда тең кездешет. Ма­монт, жылкы, керик, бизон жана башкалардын 50дөн ашык сүрөттөрү, геометриялык формалар кызыл охра менен тартылып, каралжын сыя көк-күрөң, кара боёктор пайдаланылган. Сүрөттөр түрдүү масш­табда берилген. 50 м2 аянтта маданият катмары табылган. Казуу учурунда таш менен сөөктөн жа­салган буюмдар (анын ичинде курал-жарактар жана жа­салгалар), ылайдан жасалган чырак, сүрөттөр тартылган дубалда охрага окшош минералдык боёктордун таарындылары табылып, байыркы убакта дубалдан кулаган акиташта жаныбар­дын (болжолу мамонттун) сүрөтү тартылган фрагмент сакталган.

Үңкүрдөгү дубалга тартылган сүрөттөр.


Ад.: Кудряшов И. К. Путеводитель по Каповой пе­щере. Уфа. 1969; Широков В. Н. Искусство под сво­дами пещер // Культовые памятники горно-лестного Урала. Екатеринбург, 2004; Капова пещера //Большая Российская Энциклопедия, Т. 13. М., 2009.