КАНТ (Чүй облусундагы шаар)
КАНТ – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы шаар (1985-жылдан), райондун борбору (1998-жылдан). Республиканын борбору Бишкектен 20 км чыгыш, облустун борбору Токмок шаарынан 40 км батыш тарапта. Бишкек – Балыкчы автомобиль жана темир жолунун боюнда жайгашкан. Шаар 1929-жылы кыштак катары негизделген. Калкы 21,6 миң (2007). Темир жол бекети. Кант шаары – Чүй облусунун өнөр жайлуу борборлорунун бири. Шаарда тогуз өнөр жай ишканасы бар. Алар: «Кант цемент шифер комбинаты», «Кант типография», «Кум шагыл», «Дан-азык» акционердик коому, «Абдыш ата», «Кант-сүт», «Блиц-1», «Кыргызмунайзат» жоопкерчилиги чектелген коомдор, тажрыйба-ремонт – эксперименттик-механикалык жана нан заводдору. Шаарда кесиптик-техникаалык окуу жайы, лицей, 5 орто жана музыкалык мектеп, китепканалар, 5 бала бакча, балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо борборлору, маданият үйү, клуб, стадион жана башкалар бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, санитардык-эпидемиология станциясы, балдардын кардиоревматология санаторийи, оорукана, бейтапкана, «Экофарм», аптекалар, мончо, сауналар, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, базар, ресторан, кафе-барлар жана башкалар иштейт. Шаардын чегинде бир нече мечит жана 2 чиркөө жайгашкан.
