КАНЖЫГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:38, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЖЫГА – ат жабдыктарынын бири; ар кан­дай буюмду байлап алуу жана бөктөрүү үчүн ээр­дин эки жак капталынын арткы четине беки­тилген чагаракка же көзөнөккө чие түйүлгөн ич­ке кош кайыш боо. Канжыга ийленген кайыштан ти­линип, кез-кез майланып турат. Узундугу 0,5 мче бо­лот. Бешик же бала өңөрүүдө аялдардын ээри­нин эки капталы­нын алдыңкы че­тине да канжыга тагылат.