ДИНЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНЛИН (dingling, тing-ling) — Байыркы мезгилде Борбордук Азияны мекендеген ири көчмөн уруулардын бири. Динлиндер тууралуу маалыматтар Кытайдын династиялар тарыхында гана кездешет. Алардын ичинен б.з.ч. 109–91-жылдары жазылган Сыма Цяндын «Тарыхый жазмаларын» (Ши цзы) жана б. з. ч. 49-ж. жазылган «Хань тарыхын» өзгөчө белгилөөгө болот. Булардан тышкары «Вэй-лио», «Хоу Вэйшу» династиялар тарыхында да динлиндерге байланыштуу үзүндүлөр түрүндө кыскача маалыматтар жолугат. Ши цзыда гунндардын шанүйү (б. з. ч. 234–174) Модэ б. з. ч. 209–201-жылдары Хань падышалыгынын (б. з. ч. 202–б. з. 220) түндүгүндөгү хуньюй, кюеше, динлин, гэгунь (кара: Байыркы кыргыздар) жана цайли урууларына караштуу ээликтерди басып алганы айтылат. Айрым окумуштуулар (мис., И. В. Пьянков) динлиндердин түпкү теги негизинен б. з. ч. I миң жылдыкта Кытайга чек аралаш Ордосту мекендеген «ди» уруулары деп эсептеп, алар этникалык жактан тибеттиктерге тектеш «енисейликтер» болушкан. Кийинчерээк саясий күчкө жетип, азыркы Моңголиядагы түздүктөрдү ээлеп алышкан. Ал жердеги жергиликтүү түрк уруулары менен аралашуусунун натыйжасында акырындап б.з.ч. VII кылымда «түрк тилдүү» динлин уруусу калыптанган. Этнонимдин чечмелениши тууралуу да бир нече пикир (мисалы, гаочэ – «бийик арабачандар» же тэлэ, чилэ, чжилэ ж. б.) айтылат. Айрым тарыхый даректер (мис,, Вэй-шу, Тан-шу) динлиндердин европеоид («ак түстүү») раса экенин, анча-мынча айырма болбосо алардын тили гунндардыкына жакындыгын белгилеп өтүшөт. Анын негизинде көпчүлүк окумуштуулар (мис., В. В. Бартольд, Л. Н. Гумилев, С. В. Киселёв, К. Г. Менгес ж. б.) динлиндер байыртан Ортоңку Енисейди (Минусинск крайы) жердеп турган деген тыянакка келишкен. Алардын пикиринде кийин гунндардын кысымына байланыштуу азыркы Батыш Моңголия – Тыва аймагында жайгашкан монголоид тибиндеги гяньгундар (кыргыз) б. з. ч. II–I кылымда түндүккө жылып, ак түстөгү динлиндердин келбетин, ал эми динлиндер кыргыздардын аты менен тилин кабыл алып калышкан. Бирок, ар кайсы мезгилде үзүндү түрүндө жазылган кытай хроникаларын бир-бирине салыштыруу аркылуу динлиндер тууралуу бир беткей, так жыйынтык чыгаруу азырынча мүмкүн эмес. Мисалы, «Вэй-лио» же «Саньго чжи» («Үч хандыктын») тарыхы усундардын (Тянь-Шань) батышы, Кангюйдун (Сыр-Дарыя жана Аму-Дарыянын ортоңку агымы) түндүгүндө дагы бир динлиндер жайгашканын, алар Түндүк деңизинин (Байкал) түштүгүндө жашаган динлиндер эмес экенин баса белгилейт. Батыштагы динлиндер көп сандуу болуп, бир эле мезгилде 60 миң тандамал жоокер чыгара алган жана мал чарбачылык турмушка ылайык тез-тез конуш которуп, көчүп-конуп жүрүшкөн. Мындай маалыматтар азыркы Чыгыш жана Борбордук Казакстандын батыш тарабында башка бир динлин уруулары мекендеп келишкенин аныктайт. Б. з. 487-жылдары 12 уруудан турган динлиндердин конфедерациясы түзүлүп, анын башында бир туугандар Афучжило жана Цюнци турган. Динлиндер тууралуу акыркы кабар моңголдордун Саян-Алтайды басып алышы (12-к.) менен аяктайт.

Ад.: Кюнер Н.В., Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока, М., 1961; Материалы по истории сюнну (по китайским источникам), М., 1968; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана, Б., 1996; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Пьянков И. В. Проблема динлинов. //Вопросы археологии Казахстана. Вып. 3. А., 2011.