КАЛЬЯРИ
КАЛЬЯ́РИ – Италиядагы шаар. Сардиния аралынын башкы экономикалык жана маданий борбору. Сардиния облусунун жана Кальяри районунун административдик борбору. Сардиния аралынын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 154,1 миң (2008; шаар айланасы менен 380 миң). Жер Ортолук деңизинин Кальяри булуңундагы порт (жылына 4,6 млн тонна жүк ташылат). Аэропорту бар. Финикиялыктар тарабынан биздин заманга чейинки 7-кылымда негизделген. Шаардын эски бөлүгү аралдын деңиз жак жээгиндеги дөңсөөлөрдө жайгашып, орто кылымдын сепилдери, дубалдар жана мунаралар менен курчалган. Амфитеатр (биздин заманга чейинки 1-кылым – биздин замандын 1-кылымы; бул жерде жайында опера спектаклдери өткөрүлөт), Ыйыктар Косма жана Дамиан (же Ыйык Сатурнин, 5–7-кылымдар, Кальяридеги эң байыркы храм) жана Ыйык Эфизио (5-кылым) чиркөөлөрү, Санта-Мария-Ассунта (13–14-кылымдар) собору, палаццо жана башкалар сакталган. Университет, астрономиялык обсерватория, мамлекеттик архив, китепканалар, улуттук пинакотека, музейлер, сүрөт галереясы, опера театры бар. Машина куруу, металл иштетүү, электртех., жыгаччылык, текстиль, тамак-аш ж-а тамеки ө. ж. ишканалары иштейт. Ботан. бак уюштурулган. Шаардын экономикасын тейлөө чөйрөсү түзөт. Жыл сайын күндөлүк керектелүүчү товарлардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, дайвинг) өнүккөн.