КАЛЫПТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:08, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫПТОО – куюлуучу материалдарды фор­мага келтирүү процесси. Кол жана машина менен калыптоо болуп айырмаланат. Кол менен аз сандагы жана ири өлчөмдөгү, ал эми машина менен көп сандагы жана ири өлчөмдөгү материалдарды калыптоо жүргүзү­лөт. Оор жана чоң өлчөмдөгү куймалар кол менен калыптоодо куюлуучу нерсе үлгүсүнүн негизинде топу­рак формалуу рамада даярдалат. Ал үчүн калыптоочу цехте атайын чуңкурлар казылып, түбүнө суу кирбей тургандай бетон (кессон) төшөлөт. Анын түбүнө атайын газ өтүүчү материал жаткырылат жана ал төшөгү деп аталат. Майда куюлмаларды алууда кум-чопо аралашмасы жана ири өлчөмдөгү нерселерди куюда катуу материалдар төшөлөт. Машина менен калыптоодо, калыпты даярдоо операция­сы толугу менен же кээ бир бөлүктөрү гана механикалаштырылып, автоматташтырылган. Ошондой эле куюлмалардын тактыгы жана бышыктыгы кол менен калыптоого караганда жогору болот.