ИТТЕРБИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:03, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТТЕ́РБИЙ (лат. Ytterbium), Yb – элементтер­дин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Катар номери 70, атомдук массасы. 173,04, лантоноид­дерге кирет. Иттербийдин массалык саны 152Yb –176Yb болгон 27 изотобу белгилүү, анын ичинде массалык саны 168, 170, 171, 174 болгон жети изотобу жараты­лышта табылган. Иттербий жер кыртышындагы мас­сасы боюнча 3·10–4%. 1879-ж. швейцариялык хи­мик Жан Шарль Галиссарде Мариньяк ачкан. Иттербий – күмүштөй ак металл; балкып эрүү t 824°С; кайноо t 1427°С. Иттербийдин этилендиаминтетраук­сус кислотасы м-н болгон комплекстик бирикмеси медицинада, изилдөө иштеринде, ошондой эле алюми­ний негизиндеги атайын куймаларды алууда колдонулат.