ИТ УЙГАК
ИТ УЙГАК (Bidens) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп бутактуу, бийиктиги 30–60 смге жеткен бир жылдык чөп өсүмдүк. Тамыры чачыдай, жалбырактары тушташ жайгашкан, жээги тегиз же тилкелүү. Себетчесиндеги жээк гүлү тилчедей, ортоңкулары

түкчөдөй, түсү сары же ак, кош жыныстуу. Топ гүлү шыпыргыдай, сабактын чокусундагы жалбырак колтугуна жайгашкан. Мөмөсү жалпак төрт бурчтуу пирамида сымал урукча, чокусунда кыска тикендүү эки, төрт мүйүзчөсү болот. Жер жүзүндө 200дөй түрү белгилүү. Кыргызстанда эки түрү (ийилген ит йугак ж-а үч бөлүктүү ит уйгак) өрөөндөн бөксө тоолорго чейинки көлмө, арык, булактын жээктеринде, кээде сазда өсөт. Үч бөлүктүү ит уйгактын суудагы маңызы медицинада кеңири колдонулат. Ымыркай баланын диатезин, баш терисинин жарасына, бөйрөк ж. б. органдар сезгенгенде пайдаланылат. Мындан сырткары кан басымын төмөндөтүү, жүрөк ишин жөнгө салуу, нерв системаларын тынчтандыруу касиети бар.