ГАМБИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́МБИЯ, Г а м б и я Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Чыгышынан, түндүгүнөн жана түштүгүнөн Сенегал Республикасы менен чектешет. Батышынан Атлантика океаны чулгайт. Аянты 10,7 миӊ км2. Калкы 2,4 млн (2020). Мамлекеттик тили – англис тили. Борбору – Банжул шаары.

Административдик-аймактык жактан 8 округга бөлүнөт. Акча бирдиги – деласи. Гамбия – БУУнун (1965), Африка союзунун (1965), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) ж. б-дын мүчөсү.


Таблица бар.


Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)


Гамбия – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамында. Конституциясы 1996-жылы 8-августтагы референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика, Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Эркиндик жана социализм үчүн улуттук демократиялык уюм, Патриоттуулукка багыт алуу жана түзүү альянсы, Көз каранды эместик жана социализм үчүн элдик демократиялык уюму.
Гамбиянын аймагы ойдуӊдуу түздүк (бийиктиги 100 мге чейин). Түздүк Гамбия дарыясынын өйүз-бүйүз жээгин бойлой 350 кмге созулуп жатат. Өлкө кен байлыкка жарды. Климаты субэкватордук, жайы (июнь – октябрь) жаанчыл, кышы (ноябрь – май) кургак. Айлык орточо температура 25°–27°С. Жылдык жаан-чачыны 800 мм. Негизги дарыясы – Гамбия, чыгыштан батышка карай бүт өлкөнү ара-

Гамбиянын Атлантика океаны жак жээги.

лап агат. Суусу мол жана жайык. Жери токойлуу келип, акациялуу жана баобабдуу саванналар басымдуу. Гамбия дарыясынын өрөөндөрүндө дайыма жашыл тропик токойлору бар. Жалпы аянты 40 миӊ га болгон коргоого алынган 90 табигый аймагы бар, анын ичинде Кианг-Вест, Ривер-Гамбия улуттук парктары уюштурулган.
Калкы көп улуттуу; көбү (80%) мусулман, калгандары эски динге ишенет. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 52,3; аялдарыныкы – 56 жаш. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 137 киши. Калктын 75% айыл чарбасы менен алектенет. Шаар калкы 30%. Ири шаарлары – Брикама, Банжул, Серекунда, Бакау.
Гамбиянын байыркы жана орто кылымдагы тарыхы толук изилдене элек. 13–15-кылымдарда Гамбиянын аймагы Мали империясынын, кийинчерээк Сонгаи мамлекетинин курамына кирген. 14–15-кылымдардан Гамбияга европалыктар келе баштайт. 1807–74-жылдары бир катар уруу жол башчыларына протекторат жөнүндөгү келишимдерди таӊуулап, өз колониясына айландыруу менен Улуу Британия Гамбияга жаӊы аймактарды кошот. 1902-жылы Гамбия дарыясынын өрөөнү бүт (Сента-Мэри аралынан башкасы) Британия протектораты болуп жарыяланат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Африка өлкөлөрүндө боштондук кыймылы күчөп, саясий партиялар түзүлөт. 1960-жылы бир палаталуу парламент, 1961-жылы алгачкы жолу курамына гамбиялыктар кирген Аткаруу кеӊеши түзүлөт. 1963-жылы Гамбияга чектелген өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1965-жылы 18-августта Гамбиянын көз каранды эместиги жарыяланат. 1965-жылы Гамбия БУУга кабыл алынган. 1970-жылы 24-апрелде Гамбия республика деп жарыяланып, Д. К. Жавара президент болуп шайланат. 1981–89-жылдары Гамбия Сенегал менен бирдикте Сенегамбия федерациясын түзүшкөн. Гамбиянын өкмөтү тышкы саясатта аскердик-саясий блокторго кошулбоо саясатын жактайт. Гамбия – Африкадагы экономикалык жактан артта калган өлкөлөрдүн бири. 1994-жылы мамлекеттик төӊкөрүштүн натыйжасында Я. Жамме бийликке келген. 1996, 2001-жылдары президенттик шайлоолордо Жамме жеӊишке жетишкен. Өлкөдө жакырчылыкты жоюу, менчиктештирүү боюнча ЭВФ тарабынан сунушталган программа экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүдө. 2–3-жылдан коррупцияга каршы күрөшүү компаниясы жүргүзүлүүдө.
Гамбия – агрардык өлкө. Экономикасы сырткы соодага көз каранды. ИДПде айыл чарбасынын үлүшү 35,5%, өнөр жайыныкы 12,2%, тейлөө чөйрөсүнүкү 52,3%. Экспорттолчу негизги өсүмдүгү – жер жаӊгак. Жыгаччылык, балык уулоо, тамак-аш өнөр жайы бар. Шалы, таруу, ак жүгөрү, маниок, жүгөрү, буурчак, банан ж-а цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Май пальмасынын жемишин чогул-

Бакаудагы мейманкана.

тушат. Деӊизден балык кармалат. 2003-жылы 130,2 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 3,7 миӊ км (2005). Негизги деӊиз порту – Банжул шаары. Негизги суу артериясы – Гамбия дарыясы. (390 км чейин кеме жүрөт). Башкы дарыя порттору – Фатото, Жоржтаун, Кунтаур, Кау-Ур, Банжул, Барра. Негизги соода шериктери: Франция, Улуу Британия, Индия, Германия ж-а Италия.
Билим берүү системасында балдар үчүн 8 жаштан 6 жылдык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто мектеп жана 6 жылдык толук орто мектеп бар.

Гамбия акчасы.

Улуттук университет, кесиптик жана атайын билим берүүчү жана башка окуу жайлары, Улуттук китепкана, Улуттук музей бар. Күн сайын чыгуучу мамлекеттик гезити, мамлекеттик радио жана телекөрсөтүүсү иштейт. Адабияты XX кылымдын ортосунан баштап англис тилинде өнүгүүдө. Салттуу искусствосу пил сөөгүн жана жыгачты көркөм оймо-чиймелөө. Банжул шаарын курууда европалык шаар куруу жана архитектура пайдаланылган. Гамбиянын музыкалык маданиятында Батыш Африка элдеринин ар түрдүү салттары ширелишкен.


Ад.: Смирнов Е. Г. Республика Гамбия: Справочник. М., 1996.