ГАЛЬКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ЛЬКА , с а й т а ш – тоо тектердин жана минералдардын суу агымы же деӊиз толкуну менен жумуруланган 1–10 см өлчөмдөгү сыныктары. Көлөмү боюнча 3кө бөлүнөт: майда (1–2,5 см), орточо (2,5–5 см) жана чоӊ (5–10 см). Формалары ар түрдүү. Дарыя өрөөндөрүндө, тоо этектеринде, деӊиз жээктеринде көп. Галькалардын бир жерге жыйылганы – г а л е ч н и к, камдашканы – к о н г л о м е р а т. Жол куруу иштеринде кеӊири пайдаланылат.