ИРГАШЕВ
ИРГАШЕВ Алмазбек Шүкүрбаевич (24. 07. 1970- жылы туулган., Баткен облусу, Лейлек району, Ак-Булак айылы) – ветеринария илимдеринин доктору (2005). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1992), ошол эле институттун аспирантурасын бүтүргөн (1996). 1996- жылдан КААда улук окутуучу, доцент (1998), 2002-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАУда кафедра башчы, 2006-жылдан КАУнун илим ж-а эл аралык байланыш боюнча проректору. Илимий иштери ветеринариялык медицина, жаныбар морфологиясы, онкологиясы ж-а иммунопатологиясы боюнча. 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монорграфиянын, 1 патенттин автору.
Эмг.: Койлордун өпкө аденоматозунда шишиктин өсүшүнүн жана иммундук системанын органдарынын морфофункционалдык абалы. Б., 2001.