ИОНДУК РАДИУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИОНДУК РА́ДИУС – иондук бирикмелердеги шар сымал иондордун өлчөмүн болжол менен аныктоодо колдонула турган шарттуу мү­нөздөмө. Иондук радиус кристаллды түзгөн иондордун аралыктары боюнча аныкталат. Аны рефракция­лык, рентген-электронографиялык ж-а квант­механикалык жолдор м-н ченеп алууга болот. Электр нейтралдуу атомдордун электрондорун жоготуу­сунун натыйжасында пайда болгон оң заряддуу иондордун өлчөмү баштапкы атомдордон дайы­ма кичине болот. Тескерисинче, терс заряддуу иондор электрондорду кошуп алуудан пайда болгондуктан, чоң болот. Бир эле элементтин оң заряддуу иону анын терс ионуна караганда кичине радиустуу, эгерде анын бир нече иону болсо, анда заряддын көбөйүшү м-н иондук радиус терс иондордо чоңоёт, оң иондордо кичирейет. Эле­менттердин мезгилдик системасындагы алган орду м-н иондук радиус мыйзам ченемдүү байланышта болот. Иондук радиус кристалл химиясы, кристалл физикасы, оптика ж-а геохимияда колдонулат.