«ИНТЕРГЛАСС»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:28, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ИНТЕРГЛА́СС» – жоопкерчилиги чектелген коом (2000). Кыргыз ССРинин өнөр жай-курулуш материалдары министрлигинин токтому м-н 1966-жылы Токмок шаарында айнек заводунун курулушу башталган. Заводд Ленинграддагы «Гипростекло» институтунун долбоору боюнча курулган. 1972-жылы заводдун цехтери ишке киргизилип, алгачкы такта ай­нек чыгарылган. 1995-жылы завод «Айнек» МАК деп аталган. 1999-жылы ал расмий түрдө кудуретсиз деп табылып, «Steinert lndustries» немис компания­сы сатып алган. Ишкананын аймагында 15 өн­дүрүштүк корпус иштейт. 2000–02-жылдарда ишкана жаңы техникалар м-н жабдылып, негизги фон­дулары жаңыртылган, натыйжада жогорку көр­сөткүчтөргө жетишүүгө ж-а дүйнөлүк стандарт­тагы сапаттуу продукция чыгарууга өбөлгө тү­зүлдү. Заводдон өнөр жай ишканалары, курулуш объек­ттери үчүн терезе, витрина айнектери, күзгүлөр, ошондой эле идиштер, жасалга-көркөм буюмдар ж. б. чыгарылат. Ишканада 1500 мыкты адис эмгек­тенет (2008). Кыргызстандан тышкары Борбордук Азия өлкөлөрүн ж-а Сибирдин шаарларын такта, айнек м-н камсыз кылат.