ИCМАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:55, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИCМАНОВ Ахмат (13. 1. 1932-жылы туулган, Чүй облусу‚ Чүй району‚ Алчалы айылы) – экономист, эконо­мика илимдеринин доктору (1992)‚ КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1993)‚ КР илимине эмгек сиңирген ишмер (1997)‚ эмгек ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча адис.

Ташкент юридикалык институтун (1954)‚ Кыргыз CCР ИА ЭИнин аспирантурасын (1966) бүткөн. 1954–62-жылдарда Кыргыз ССР прокуратурасынын тер­гөөчүсү‚ Кыргыз ССР Жогор­ку сотунун мүчөсү‚ 1966– 94-жылдарда Кыргыз CCР ИА ЭИде илимий кызматкер‚ бөлүм баш­чы‚ Президиумунун оку­муштуу секретары‚ 1994–99-жылдарда коомдук илим­дер институтунда (Ош шаары) директордун орун басары ж-а дирекциянын кеңешчиси‚ 1998-жылдан КЭУ-нун профессору. 110дон ашуун илимий эмгеги‚ анын ичинде 8 мо­нографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Пути повышения эффективности исполь­зования трудовых ресурсов в сельском хозяйстве. Ф.‚ 1986; Экономическая эффективность использования ресурсов в сельском хозяйстве. Ф.‚ 1993.