ИНФУЗОРИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНФУЗОРИЯЛАР (Infusoria же Ciliophora) – жөнөкөйлөрдүн тиби же типчеси. Дене узундугу 10 мкм­ден 3 ммге жетет, түрдүү формада кирпикчелер м-н капталган. Жалгыздан кыймылдуу же бир нерсеге жабышып жашайт, чанда колониялуу. Ооз тешикчеси анча терең эмес чуңкурчада жай­гашкан. Оозу кулкунга уланат да тамак сиңирүү вакуолдор м-н байланышат. Сиңирбеген азык­тын калдыктары атайын жылчыкча (пороши­ца) аркылуу сыртка чыгарылат. Инфузориялардын ядросу (макронуклид) ж-а ядрочосу (микронуклид) бо­лот. Ядросу зат алмашуу процессин тейлейт. Ядрочосу болсо жыныстык жол м-н көбөйүүгө катышат. Жыйрылуучу вакуолдору радиалдуу жайгашкан түтүкчөлөр м-н курчалган. Зат ал­машууда иштелип чыккан акыркы заттар тү­түкчөлөр аркылуу чогулуп, вакуол жыйрылганда сыртка бүркүлүп чыгарылат. Көбөйүүсү ың­гайлуу шартта туурасынан бөлүнүп, жыныссыз жол м-н жүрөт. Чөйрөнүн шарттары татаалда­ганда эки особь бир бирине жакындашып, ооз­дорунун ортосундагы цитоплазмалык көпүрө аркылуу ядрочосунун бир бөлүкчөлөрү м-н ал­машат, башкача айтканда жыныс жолу м-н да көбөйөт. Жа­гымсыз шартта көбү циста пайда кылат. 2 клас­сы (кирпиктүү ж-а соргуч), 400дөй уруусу деңиз­дерде, тузсуз ж-а мала туздуу сууларда жашайт. Бактериялар, балырлар ж-а жөнөкөйлөр м-н азыктанат. Көпчүлүк инфузориялар комменсалдар, башка жаныбарлардын (балык, жерде-сууда жашоочу­лар, сүт эмүүчүлөр) митеси. Айрымдары балык ж-а адамдын оорусун пайда кылат. Алар генетикалык, цитологиялык ж. б. изилдөөлөрдө кеңири колдонулат.